• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштү улантып жатабыз

Президент 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Коорупция менен күрөш уланып жатат. Бул багытта иштер токтобойт, тескерисинче күчөйт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчысынын айтуусунда, кол тийбес, туруктуу иштеген коррупциялык схемаларды түзүшкөн айрым жогорку чиновниктерге, пара алуучуларга каршы ачык күрөш жүрүүдө.

«Бул иш мындан ары да уланат, күчөйт. Анын жүрүшү Коопсуздук кеңештин үч жыйналышында каралды. Сиздерде толук маалымат бар. Албетте, коррупционерлерди камоо жолу менен гана корупцияны жоё албайбыз. Коррупцияны алдын алуу максатында өлкөнү туташ санариптештирүү, экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу жолдорун колго алып жатабыз», - дейт Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий