• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: «Кошой» заводун ишке киргизүү айыл чарбасындагы негизги долбоорлордун бири

Өкмөт 0


Бишкек, 15-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда, Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында «Кошой» ААК кум шекер чыгарган ишкананын модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы «Кошой» заводун ишке киргизүү бүгүнкү күндө айыл чарбасындагы негизги долбоорлордун бири экендигин баса белгиледи. 2017-жылдын күзүндө заводдун ишке кириши менен кант кызылчасын кайра иштетүү маселеси чечилип, калк ата мекендик өндүрүлгөн кум шекер менен камсыздалат.

«Кошой» ААК башкы директору Александр Барбалат маалымдагандай, завод 2004-жылы өз ишмердүүлүгүн токтоткон. 2016-жылдын ноябрь айында «Кошой» ААК Кыргыз-Орус өнүктүрүү Фонду менен ишкананы реконструкциялоо жана андан аны 2017-жылдын октябрь айында кайрадан ишке киргизүү максатында 10 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү насыя алуу тууралуу келишимге түзгөн. Заводду реконструкциялоо жана модернизациялоо планында эскилиги жеткен жабдыктар жана өндүрүштү автоматташтыруу техникалары жаңыртылат. Заводдун ишке кириши менен кант кызылчасын кабыл алган учурда 1 миң адам жумуш менен камсыз болот.

Сооронбай Жээнбеков заводду оңдоодогу бардык белгиленген иш чаралар көрсөтүлгөн мөөнөттө - 2017-жылдын октябрь айына чейин бүтүшү керектигин баса белгиледи. Бул өткөн жылдагыдай дыйкандар өстүргөн түшүмүн сата албай калбашы үчүн абдан маанилүү. Келечекте «Кошой» заводунун ишке кириши өндүрүлгөн кум шекерди ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногуна экспорттоого жол ачат.

Пикир

Оставить комментарий