• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Кожомкул Каба уулунун 130 жылдык мааракесине арналган иш-чарага катышты

Президент 0

Бишкек, 30.06.19. /Кабар/. «Ынтымакты, адамдар арасындагы асыл каситеттерди аздектеп жашаган коом, биримдиктүү журт болуш үчүн бизге бүгүн ата-бабалардыкындай эрк, күч-кайрат, тынымсыз аракет керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, Чүй облусунун Жайыл районунуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө Кожомкул Каба уулунун 130 жылдык мааракесине арналган иш-чарада. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Төмөндө Президент Сооронбай Жээнбековдун сөзүнүн толук тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Байыркы кыргыз элинин тарыхын аты алтын тамгалар менен жазылып, ысымы ызаат, урмат-сый менен эскерилген инсандар көркөмдөп турат.

Дүйнөгө улуу адамдарды берген байыркы эл катары, кыргыздын тарых-таржымалы сыймык менен айтылат.

Биз, бүгүнкү муун, кыргыз элине Манас, Баласагын, Кашкари, Калыгул, Токтогул, Барпы, Жеӊижок, Саякбай сындуу аталарыбызды буйруганы үчүн Жаратканга ыраазыбыз.

Ушул залкар инсандардын мураскери болгон журт экенибизге, дүйнөлүк маданиятка улуу замандашыбыз Чынгыз Айтматовду берген эл экенибизге сыймыктанабыз.

Бул залкарлардын улуу жолун улантуу – биздин ыйык парз экенин эч качан эстен чыгарбайбыз.

Бүгүн ушундай сейрек жаралчу инсандардын катарын толуктаган, кыргыз журту сыймыктанган, аты аӊыз болуп айтылып, даӊкы кыйла жерге жеткен, айтылуу Кожомкул атабыздын элесине таазим эткени чогулуп олтурабыз.

Баарыӊыздарды атактуу Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык юбилейи менен чын дилимден куттуктайм!

Урматтуу мекендештерим!

Бүгүнкү юбилей - өзгөчө майрам, кыргыз күчүнүн, кыргыз рухунун, кыргыз сыймыгынын майрамы.

Кожомкул балбан өзүнүн турмуш жолунда күч менен акылды, кайрат менен кудуретти, балбандык менен айкөлдүктү бирдей кармап, теӊ тутунганы өзгөчө мааниге ээ.

Анын балбандыгы, баатырдыгы, келишимдүү келбети, кубаттуу алп денеси жөнүндө айтылган кеп - түгөнбөй турган санжыра.

Кожомкул баатыр атактуу балбандарды жеӊип, жалпы журтка намыс алып бергени - кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна маалым.

Анын Суусамырдагы орноткон ташы, атты көтөрүп, ашуу ашканы, төөнү саздан сууруп чыгарганы, эл өтө албай, бөгөлүп калган жолду жалгыз бошоткону аңызга айланып, муундан муунга айтылып келет.

Бирок, Кожомкул атабыздын жан дүйнөсүнүн сулуулугу, рухунун тереӊдиги жөнүндө айтылчу сөз али алдыда.

Ал эч качан кара күчүнө таянып, бирөөнү басмырлаган эмес.

Анын өзгөчө айкөлдүгү, пейилинин тазалыгы, жөнөкөйлүгү, өмүр бою оозунан бир дагы жаман сөз чыкпаганы белгилүү.

Ачуусу аябай келгенде гана “о, ойрон болгур“ деп коюп, басып кетчү экен.

Алган байгесин ар дайым элге бөлүп берип, журтка камкордук кылып, кедейлик заманда да берешендиги менен өзгөчөлөнгөн.

Кожомкул баатыр балбандыгы менен замандаштарын кандай суктантса, жан дүйнөсүнүн кенендиги менен андан бетер урмат – сый тапкан.

Дайыма адамдарга аяр мамиле кылып, сөздү барктап сүйлөп, адеп-ахлакты жана акыл – эсти аздектеп, нарктуу, барктуу жүрүм - туруму менен жашап өткөн.Кожомкул балбан таза, адилет журт башкаруучунун үлгүсүн да көрсөтүп кетти.

Эл кызматын - намысты, абийирди бийик тутуп аркалады.

Суусамырдагы кедейлер комитетинин төрагасы, кийин Кара-Балта райондук жер бөлүмүнүн башчысы, Көкөмерен айылдык кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы болду.

Отуз жылдан ашуун колхоздун, совхоздун жетекчиси, айылдык кеӊештин төрагасы болуп эл башкарды.

Өз демилгеси менен 8-март колхозунда алгачкы мектепти курду, айылдаштарын билимге үндөдү.

Жергебизде адилеттик өкүм сүрүп, журт ынтымак болушуна чоң салым кошкон инсан катары Кожомкул балбандын ысмы ташка тамга баскандай белгилүү.

Бардык кызматтарды таза ниет, калыстык жана чынчылдык менен аркалап, элине жана жерине берилгенин ак мээнети менен көрсөттү.  

Урматтуу замандаштарым!

Каба уулу Кожомкулдун ысмы дененин күчү, рухтун тереӊдиги гана эмес, майтарылбас эрктин, атуулдуктун символу катары да кыргыз тарыхында калды.

Кожомкул атабыз кандай оор кыйынчылыктар башынан өтсө да, майтарылбай, элине билек, жерине тирек болду.

Ал 1937-жылы репрессияга туш келип, абакта жатканда да кыргыз элим деп жан үрөп келди.

Анын кайратын, ички рухунун күчүн эч кандай жалаа, абак мокото алган жок.

Анын адамдык сапатына ошол абактагылардын ден-соолугун текшерип келген Москвалык дарыгерлер да таӊ калып, ага күйөрман болушкан экен.

Элине, журтуна, мекенине чындап берилди, аздектеп сүйдү, аяр мамиле менен жашады.

Пендени азгыра турган ар кандай сунуштар болсо да, кыйын турмуш учурунда кичи мекенин таштап кеткен жок.

Кыргыз жери, анын ичинде, Суусамыр дегенде “ичкен ашын жерге коюп” жашап өттү.

Кожомкул балбан орустун белгилүү балбаны Поддубный менен чогуу жүргөн казактын атактуу балбаны Кажымукан менен жакшы мамиледе болгон.

Ал Кожомкулду Россияга, Казахстанга, кийин Ташкентке чакырган дешет.

Атактуу Балбан-шолак да чакырган деп жүрүшөт.

Бирок Кожомкул айылды ким карайт, элди ким ойлойт деп баш тарткан экен.

Урматтуу мекендештерим!

Кожомкул атабыз эл биримдигин, журт ынтымагын баарынан жогору койду.

Акыл насаатын айтып, журттун күчү - элдин биримдигинде экендигин осуят кылды.

Анын бул ой-тилеги, үмүтү, элибизге калтырган асыл мурасы - биздин мекенчил, мамлекетчил сезимибизге канат байлайт.

Өлкөбүздүн тынчтыгына, коомубуздун ынтымагына үндөйт.

Бүгүн Кожомкул балбандын өмүр бою жашап өткөн Суусамыр жергесинде анын элеси тирүүдөй сезилет, бизди тээ бийиктен карап тургансыйт.

Мына, атабыздын юбилейине жети дубандан журт өкүлдөрү келип, балбандын кичи мекенинде башы биригип, журтубуз өз ынтымагын даӊазалап турат.

Улуу даанышманыбыз Чынгыз Айтматов айткандай – түндүгүбүз менен түштүгүбүз куштун эки канатындай болуп, бирге, улуу инсандын элесине таазим кылып турабыз.

Биз Конституциябызда ата-бабаларыбыздын тынчтыкта жана ынтымакта жашоо жөнүндө айткан ыйык осуятын туу тутаарыбызды жазганбыз.

Мамлекеттин эгемендигин жана элдин биримдигин сактоого майтарылбас эркибизди билдиргенбиз.

Ата-бабалардын улуу жолун улап, бирдиктүү коом болуп, бир максатка умтулуш үчүн Башмыйзамдын жазуусу гана жетиштүү эмес.

Аларды иш жүзүндө аткаруу үчүн талыкпаган аракет, тынымсыз эмгек, түгөнбөгөн эрк керек.

Мен Чынгыз агабыздын дагы бир сөзүн айтайын:

Айтматов “адам үчүн эӊ кыйыны - күн сайын адам болуу” деп айткандай, коом үчүн эӊ кыйыны – күн сайын биримдикти чыӊдап, тынч жашоого умтулуп, ынтымакты орноткон коом болуу.

Ынтымакты, адамдар арасындагы асыл каситеттерди аздектеп жашаган коом, биримдиктүү журт болуш үчүн бизге бүгүн ата-бабалардыкындай эрк, күч-кайрат, тынымсыз аракет керек.

Бүгүн элибиздин намысын коргоп, мекенчилдик сезимдин бийик үлгүсүн көрсөткөн Кожомкул атабызга урпактык урматыбызды чогуу билдирип олтурабыз.

Анын балбандыгы, айкөлдүгү - кыргыз элинин духу, күчү менен сугарылып турган.

Ошондуктан бүгүн - кыргыз рухунун майрамы.

Бул майрамды Кожомкул балбандын элесине таазим эткен элибиз зор сыймык, ынтымак менен белгилеп жатат.

Урматтуу мекендештерим!

Баарыбыз теӊ Кожомкул атабыздай асыл адамдарыбыздан таалим алып, алардын калтырган насаатын, үлгүсүн дайыма барктап, кадырлап, аздектеп жүрүшүбүз зарыл!

Элибиздин жаштары, эр жүрөк уулдары улуу инсандын баскан жолунан, жан дүйнөсүнүн тазалыгынан, айкөлдүгүнөн, мекенчилдигинен сабак алышы керек.

Кыргызстан - Манас атабыз, ата-бабаларыбыз кураган биримдиктүү журттун, бирине-бири тирек болуп келген элдин мураскери.

Кыргызстандын аймагын байыртан эле көп этностор, улуттар байырлап, тынчтыкта жана ынтымакта жанаша жашап келген.

Биз - элдин биримдиги, коомдун ынтымагы бекем мезгилдерде дүркүрөп өнүккөн өлкө, күчтүү мамлекет болдук.

Биримдигибиз бекем болгондо Улуу кыргыз каганаты болуп дүйнөнү дүӊгүрөткөнбүз.

Ынтымагыбыз чыӊ болгондо Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Чынгыз Айтматов сындуу кеменгерлерди, Кожомкул сындуу өзгөчө инсандарды дүйнөгө бердик.

Достугубуз бышык болгондо илим-билимдин, маданияттын очогу болгон байыркы Ош, атагы алыска кеткен Баласагын, айтылуу Суяб сындуу улуу шаарларды курганбыз.

Элден ынтымак кетсе, коомдон ырыскы качып, адамдар азып–тозуп, мекенибиз алсыраган күндөр да өткөн.

Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экенин эзелтен бери уланган тарыхыбыз өзү тастыктап турат.

Урматтуу мекендештерим!

Бирге болсок, ата – бабалардын элесине татыктуу болгон улуу жеӊиштердин ээси болобуз.

Карт тарыхыбызга, тереӊ маданиятыбызга, улуу ынтымагыбызга таянып, жашоосу татыктуу, билими тереӊ, дени сак коомду түзөбүз.

Замандаштар жактырган, урпактар сыймыктанган, өнүккөн өлкөнү, күчтүү мамлекетти чогуу курабыз.

Майрамыбыз кут болсун, Кожомкул атабыздын кайраты келечек урпактарга күч, дем берсин, мекенчил сезимин ойготсун!

Жергебизде дайыма тынчтык, элибизде ар дайым ынтымак болсун!

Кыргызстаныбызды, ар бирибизди Жараткан өзү колдосун!».

Пикир

Оставить комментарий