• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков «КР: Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын учурдагы ишмердүүлүгүнүн актуалдуу багыттары жана үстүбүздөгү жылдын март айында өтө турган «Кыргыз Республикасы: Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» экинчи форумуна даярдыктардын жүрүшү менен таанышты.

Биринчи форум 2019-жылдын февралында өткөн.

Экинчи форумдун ишине жалпы республика боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, аймактардагы ишкерлер, донор уюмдар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө.

Тематикалык сессиялар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгына ылайык, негизги үч багытка бөлүштүрүлөт.

12 тема боюнча талкуунун жүрүшү күтүлүүдө: аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын күчөтүү, инфратүзүмдүк өнүгүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, жергиликтүү бийликтердин ишин санариптештирүү, балдарды социалдык колдоо жана башкалар.

Мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү жана калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессин автоматташтыруу максатында 8 айыл өкмөтүндө «Санарип аймак» долбоорун пилоттук режимде ишке ашыруу башталганын баса белгиледи. Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин «Санарип аймакты"өлкөнүн 484 айыл өкмөтүнө толугу менен киргизүү мерчемделүүдө.

Муну менен катар ал жалпы республика боюнча муниципалдык мүлктөрдүн тизмеси аныкталып чыккандыгын, коррупциялык тобокелчиликтерди четтетүүгө өбөлгө болгондой кылып жүзөгө ашыруу жана аларды ижарага берүү боюнча электрондук соода аянтчасы пилоттук режимде киргизилгенин маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасы: Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» форуму борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы натыйжалуу диалог үчүн чыныгы аянтча болушуна арналганын өзгөчө белгиледи. Өткөрүлө турган талкуулардын жыйынтыгы менен аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча программалык документтер менен пландар актуалдаштырылышы зарыл.

Мамлекет башчысы борбордук бийлик жана жергиликтүү бийлик органдары аймактарды өнүктүрүү маселелерин чечүү үчүн ыкчам чараларды биргеликте кабыл алуусу керектигин баса белгиледи.

Ошону менен катар Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү процессин жыйынтыктоо зарылдыгынын маанисине өзгөчө көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий