• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков КР Өкмөтүнүн жаңы мүчөсүнүн ант берүү аземине катышты

Президент 0

Бишкек, 28.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөсүнүн ант берүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Муканбетов Санжар Турдукожоевич ант берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап, вице-премьер-министр Санжар Муканбетовго берген антын эстен чыгарбай, эл үчүн жана мамлекет үчүн ак ниет кызмат кылуусун каалады.

Пикир

Оставить комментарий