• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков "КР Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" Жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 19.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2018-жылдын 19-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесинин 6-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн отставкага кетирди.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий