• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков “КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сыйлык алгандар:

II даражадагы “Манас” ордени менен:

- Сейдакматова Жамал – “Туңгуч” жаштар драма театрынын кɵркɵм жетекчиси, “Кыргызстан театр ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү;

- Токтахунова Самарбүбү – комузчу, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо кафедрасынын профессору;

III даражадагы “Манас” ордени менен:

- Алымбеков Надырбек – акын, котормочу, “Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү;

- Мамасаидов Мухаммаджан Ташалиевич – Кыргыз-Өзбек университетинин алдындагы Котормо жана окуу китептерин басып чыгаруу борборунун жана “Табигый таш” илимий-изилдөө борборунун директору;

“Даңк” ордени менен:

- Аскаров Алик Бакеевич – “Avia Trafic Company” (Авиа Траффик Компани) жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

- Оморов Рахатбек Арсыбекович – И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын факультеттик хирургия кафедрасынын башчысы;

“Даңк” медалы менен:

- Базарбаева Зайна Касымовна – Ош облусунун Өзгөн районундагы “Касым-Ата” асыл тукум жылкы чарбасынын жетекчиси;

- Жолдошов Туйгун – “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун согуштун, эмгектин, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук кеңеши” коомдук бирикмесинин төрагасы;

- Кучкачов Шукурбек Шабданович – “Кыргыз республикалык майыптар коому” коомдук бирикмесинин төрагасы;

- Насыров Вадим Алиярович – И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын оториноларингология кафедрасынын башчысы;

- Рысалиев Табылды Карымбаевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын каржылоо жана эсеп жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;

- Султанов Бекболот Мырзакасымович – “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун технологиялык транспорт башкармалыгынын начальниги;

- Сюй Виктор Петрович – “ФМУ-1” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, Бишкек шаары;

- Чолова Айнагүл Торгоевна – Кыргызстан калкы ассамблеясынын маданият жана билим берүү боюнча эксперти;

- Юлдашева Азиза Узгеновна – “Жер Азыгы” Кыргызстан агробизнесмендер ассоциациясынын аткаруучу директору.

Сыйлык алгандардын толук тизмеси

Пикир

Оставить комментарий