• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков КР менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол коюлушун тарыхый окуя деп атады

Президент 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта мамлекеттик визит менен Түркмөнстанда жүрөт.

Тар жана кеңири курамдардагы сүйлөшүүлөр аяктаган соң мамлекеттер башчылары Сооронбай Жээнбеков жана Гурбангулы Бердымухаммедов жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн биргелешкен билдирүү жасашты.

Сооронбай Жээнбеков жылуу кабыл алуусу жана меймандостугу үчүн Түркмөнстан Президентине жана жалпы түркмөн элине ыраазычылык билдирди.

«Бул менин Түркмөнстанга алгачкы визитим. Бүгүн биз эки тараптуу мамилелердин абалын жана келечегин талкуулап, биздин мындан аркы кызматташтыктын багыттарын аныктадык. Бүгүн биз Кыргыз Республикасын менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол койдук. Бул эки тараптуу мамилелердеги тарыхый окуя болуп калат жана Кыргызстан менен Түркмөнстан достугунун жана кызматташтыгынын тарыхынын жаңы барагын ачат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын азыркы деңгээлине жогору баа беришкенин жана ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча да пикир алмашуу болгонун баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков эки өлкө ортосунда салт болуп калган өз ара ишенимдин жана ачык-айрымдуулуктун кырдаалында өткөн сүйлөшүүлөрдүн конструктивдүү жана мазмундуу мүнөзүн белгиледи.

«Бүгүнкү сүйлөшүүлөр кыргыз-түркмөн байланыштарын бекемдесек жана аларды бардык чөйрөлөрдө өнүктүрсөк деген биздин жалпы маанайды ырастады. Биз бардык багыттар боюнча — саясий, соода экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин дагы бийик деңгээлге көтөрөбүз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, жолугушуулардын жүрүшүндө соода-экономикалык чөйрөдө биздин өнөктөштүккө, өлкөлөрүбүз ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Бул маселеде эки жылдык тыныгуудан кийин быйыл июль айында Ашхабад шаарында кайра иштей баштаган соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясы маанилүү роль ойнойт. Алгачкы биргелешкен соода-инвестициялык сессия өттү.

«Транспорт тармагы, транспорттук-транзиттик дараметти пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, айыл чарба жана өнөр жай продукциялары менен өз ара алмашуу, ошондой эле эки өлкөнүн региондорунун деңгээлинде өз ара аракеттенишүү биздин кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары болуп саналат, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. — Жолугушуулардын жүрүшүндө биздин өлкөлөр ортосундагы маданий, гуманитардык, билим берүү тармагындагы жана спорттук байланыштарды мындан ары карай өнүктүрүү жөнүндө жалпы макулдашууларга жетиштик».

Ал бүгүнкү жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча эки тараптуу маанилүү документтердин чоң пакетине кол коюлганын белгиледи.

«Түркмөнстан биздин маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшүбүз. 2017-жылы биз дипломатиялык байланыштарыбыздын орнотулушунун 25 жылдыгын белгиледик. Биздин Түркмөнстан менен байланыштарыбыз өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана өз ара кызматташуу принциптеринин негизинде динамикалуу өнүгүүдө. Бул эки өлкөнүн жана элдерибиздин кызыкчылыктарына дал келет», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана эки тараптуу байланыштарды жана кызматташтыкты бекемдөөдө Түркмөнстан Президентинин жеке эмгегин өзгөчө белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков эки өлкө ортосундагы бир туугандык байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Гурбангулы Бердымухаммедовго ыраазычылык билдирди жана Кыргыз Республикасына жооп иретинде визит менен келүүгө чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жалпы кыргыз элинин атынан бир тууган түркмөн элине тынчтык, бакубатчылык жана прогресс каалады.

Пикир

Оставить комментарий