• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: КР менен Венгриянын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндөгү биргелешкен декларация - эки тараптуу мамилелердин жаңы баракчасы

Президент 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. «Бүгүн тарыхый күн. Биз Кыргыз Республикасы жана Венгриянын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Биргелешкен декларацияга жана документтердин олуттуу тобуна кол койдук. Бул чечим эки өлкөнүн жарандары үчүн чоң мааниге ээ. Биз эки тараптуу мамилелерибиздин жаңы баракчасын ачтык», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-сентябрда Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу айтып жатып.

Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Виктор Орбанга Венгрияга расмий визит менен келүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, - деп кабарлайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Ал сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун, анын жүрүшүндө биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелерди талкуулоого мүмкүн болгонун кошумчалады. Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө кыргыз-венгер мамилелери өз ара урматтоонун негизинде динамикалуу түрдө өнүгүп жаткандыгын баса белгиледи.

«Биз эки өлкө ортосундагы саясий диалогду, парламенттер аралык байланыштарды жана экономикалык кызматташтыкты жакшыртууну макулдаштык. Премьер-министр Виктор Орбандын 2018-жылы Кыргыз Республикасына жасаган расмий сапарынан кийин биздин кызматташуубуз жаңы дем алды. Тактап айтканда, соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясы түзүлдү. Анын биринчи жыйыны былтыр Бишкекте болуп өттү. Венгриянын жогорку окуу жайларында кыргыз студенттери үчүн бюджеттик орундардын саны көбөйдү. Быйыл Бишкекте Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги ачылды. Акыркы эки жылдын ичинде биздин байланыштар кыйла тыгыз боло баштады. Биз глобалдык коронавирус пандемиясына карабастан мамилелерибизди өнүктүрүүнү жана тереңдетүүнү улантып жатабыз», — деп айтты Президент.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-венгер өнүгүү фондун түзүү жөнүндө Меморандумга жана башка өтө маанилүү келишимдерге кол коюлгандыгын баса белгиледи.

«Бул фонд ушул жылдын аягына чейин иштеп баштайт деген үмүттөбүз. Венгрия тараптын 50 миллион доллар өлчөмүндөгү насыялык линиясын берүү ниетине биз кубанычтабыз. Бүгүн өтө маанилүү келишимдерге кол коюлду. Алардын катарында кош салык, инвестицияларды коргоо, саламаттыкты сактоо, экономиканы санариптештирүү, айыл чарбасы жана башка тармактардагы келишимдер бар. Венгер тарапка биздин студенттер үчүн бюджеттик орундардын санын 75тен 150 орунга чейин көбөйткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындан сырткары, бүгүн Будапештте кыргыз-венгер ишкерлер форуму өтүп жатат, ага катышуу үчүн Кыргызстандан ишкерлерден турган делегация келген. Венгриянын жана жалпы Европанын рынокторунда биздин ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат деп ишенем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эки тараптуу мамилелер ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөнү дагы ичине камтый тургандыгын кошумчалаган Сооронбай Жээнбеков, Будапешттеги сейил бакка кыргыздын дүйнөгө таанымал жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу чечими үчүн венгер элине чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий