• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков КР судьяларынын XI курултайын ачты

Президент 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайы өтүүдө.

Мамлекет башчысы курултайды ачып жатып аталган иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгилеп өттү.

"Адилеттүү, көз карандысыз сот системасын орнотпой туруп, өнүккөн мамлекетти куруу мүмкүн эмес экенин өзүбүздүн тажрыйбабыз көрсөттү. Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет. Өзүбүздүн жарандардын, чет элдик өнөктөштөрдүн, инвесторлордун бийликке болгон мамилеси, биринчи кезекте, сотторго жана укук коргоо органдарына байланыштуу. Өлкөбүздө жүрүп жаткан олуттуу реформаларды ишке ашыруу — сот системасынын адилеттүүлүгүн камсыз кылууга барып такалды", - деп билдирди Жээнбеков.

Ал бир катар жакшы демилгелер соттордун адилетсиздигинен улам токтоп калган учурлар бар деп баса белгиледи.

"Коомчулук, албетте, мындай кырдаалды кескин өзгөртүүнү катуу талап кылат, талап кылууда. Ошондуктан соттук-укуктук реформаны чечкиндүү ишке ашырабыз", - деди мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий