• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков КРнын Баатыры Таштанбек Акматов менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 20.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-мартта Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Таштанбек Акматов менен анын 80 жылдык мааракесине карата жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Сиз мекендештердин арасында ак эмгек менен эң жогорку сый-урматтын туу чокусуна жеткенсиз», - деп белгиледи Мамлекет башчысы Таштанбек Акматов менен учурашып жатып.

Сооронбай Жээнбеков 80 жашка чыккан Таштанбек Акматовго бекем ден-соолук жана узун өмүр каалап, Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү саатын тапшырды.

Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, анын жүрүшүндө Президент көп жыл мурда колхоздун жаш зоотехниги кезинде Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы Таштанбек Акматов менен жолугушканын эстеди.

«Сиздин баа жеткис кеңештериңиз дагы эле менин эсимде. Сиз көп жылдык ак эмгек менен эл арасында эң жогорку сый-урматтын туу чокусуна жеткенсиз», - деп Мамлекет башчысы Таштанбек Акматовго кайрылып, Социалисттик Эмгектин Баатырынын ар бир сөзүн эсине түйүп, кеңештерин өз жумушунда колдонгонун белгиледи.

Социалисттик Эмгектин Баатыры Президентти көңүл буруп, жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирди. Баарлашуу учурунда Сооронбай Жээнбеков жана Таштанбек Акматов Кыргыз Республикасынын өнүгүү баскычтары жөнүндө пикир алмашышты.

Таштанбек Акматов Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын өз учурунда чыкканын жана маанисин белгиледи.

Ал аймактардын жашоочулары бул демилгени кубаныч жана канааттануу менен кабыл алганын белгиледи. “Аймактарды өнүктүрүү боюнча Жарлыкка жеке гана мен эмес, жалпы айыл эли жетине албай турат. Региондорду өнүктүрбөсө эч кандай жылыш болбойт дегенди мен абдан колдойм. Жалпы айылда жашаган элдин бардыгы демилгелүү дем менен мээнет кылбаса, кайдан республика жалпы гүлдөмөк эле? Айылды көтөрсө, анан республика өзүнөн-өзү демденип, кубаттана берет”, - деп белгиледи Таштанбек Акматов.

Ал ошондой эле кыргызстандыктар өлкөнүн жетекчилигинин коррупция менен күрөшүүгө умтулуусун колдоп жатат деген пикирин билдирди. “Элибизде сөз бар: “Жакшы адам ырыскыны кашыктап чогултат, ал эми начар адам чөмүчтөп чачат” деген. Биз баарыбыз коррупция менен болгон күрөштү колдошубуз керек», - деп белгиледи Таштанбек Акматов.

Ал Президентке ийгиликтерди жана мекендештердин колдоосун, ал эми Кыргызстан элине – биримдик, ынтымак, гүлдөп-өнүгүүнү жана өлкө бакубатчылыгы үчүн талыкпас эмгектенүүнү каалады.

Маалымдама: Мамлекеттик жана саясий ишмер Таштанбек Акматов 1938-жылы туулган.

1987-1990-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы. СССР Жогорку Кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты.

9-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке Кыргыз ССРинин Ысык-Көл шайлоо округунан шайланган, Улуттар Кеңешинин жаштар иштери боюнча Комиссиясынын мүчөсү. 1989-1991-жылдары СССРдин элдик депутаты. Эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1976, 1986).

33 жыл (1955—1987) Тоң районундагы XXII партсъезд атындагы колхоздун баш чабаны болуп иштеп, республиканын кой багуу тармагынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон.

1991-жылдан бери өз районунда фермердик чарбаны жетектейт.

1995-2001-жылдары Кыргызстандын фермердик ассоциациясынын башчысы болгон.

Социалисттик Эмгектин Баатыры (1976, 1986), үч жолу Ленин ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туусунун ордени менен сыйланган. СССР мамлекеттик сыйлыгынын ээси (1982-ж.), Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалы менен сыйланган (1997-ж).

Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Пикир

Оставить комментарий