• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алымкулов, Дуйшеев, Исаков: Президент кимге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президент 0

Бишкек, 31.12.18 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн бир катар жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Ал үчүн Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Жарлыкдын негизинде II даражадагы "Манас" ордени менен Карыпбек Алымкулов, Орозбек Дүйшеев, Исмаил Исаков сыйланса, III даражадагы "Манас" ордени Сыртбай Мусаевге ыйгарылды.

Ошондой эле "Даңк" медалы Бурулуш Батаканова, Любовь Зубехина, Турдубек Ишебаев, Абдимуктар Маматов, Эркин Тентишев, Искендер Шаяхметов жана Бишкектеги Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплексине тапшырылды.

Толук тизме менен президенттин расмий сайтынан таанышсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий