• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков КРнын жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу жеңил өнөр жайынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Жеңил өнөр жайы кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Жеңил өнөр жайы өлкө экономикасынын өтө маанилүү тармагы болуп калды, чакан жана орто ишкерликтин динамикалуу өнүгүп келе жаткан багытына айланды.

Жергиликтүү эмгек жана чийки зат ресурстарын пайдаланууга багыт алган Сиздердин тармак ошондой эле социалдык маселелерди чечүүгө да бараандуу салым кошууда.

Бүгүн тармактын продукциясы дүйнөлүк рынокто атаандаша алат жана өлкөнүн экспортунун маанилүү бөлүгүн түзөт.

Кыргызстанда дизайнерлик чеберчиликтин өнүгүшү дүйнөлүк мода жана искусство индустриясында кеңири таанууга ээ болду.

Эми биздин алдыбызда жетишилген деңгээлди бекемдем, кластердик мамилеге басым жасоо менен өндүрүштүн натыйжалуулугун арттыруу милдети турат.

Өлкөдө өндүрүштүк багыттагыдай эле, дизайн, мода жана логистикалык багыттарда да улуттук ири компаниялар түзүлүшү керек.

Сиздердин мыкты кесипкөйлүк жана мекенчилдик асыл сапаттарыңыздар алдыга коюлган максаттарга жетүүгө өбөлгө болоруна ишенем.

Кажыбас эмгеги менен ата-мекендик жеңил өнөр жайын түптөгөн ардагерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирем.

Жеңил өнөр жайынын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерге бекем ден соолук, албан ийгиликтерди жана бакубатчылык каалайм”.

Пикир

Оставить комментарий