• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Дүйшөнбиевди кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шартында коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана иш-аракеттер талкууланды.

Мамлекет башчысы кабыл алынган чаралар коронавирус инфекциясынын өлкөнүн бардык аймагына кеңири жайылып кетишин токтотуп, оорунун очокторун жоюуга мүмкүнчүлүк бергендигин белгиледи.

Ал коопсуздукту камсыз кылууда, жарандардын саламаттыгы менен өмүрүн коргоодо, ошондой эле илдеттин андан ары жайылышына жол бербөөдө болгон күчүбүз жана каражаттарыбыз менен жер-жерлердеги коменданттарга ар тараптуу көмөк көрсөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков блокпосттордо кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларын жеке коргоочу жана башка зарыл болгон каражаттар менен толук камсыз кылууга көңүл бурду.

Эпидемиологиялык кырдаалга жараша коюлуп жаткан талаптар жумшарса, өлкөнүн чек ара аймактарына көзөмөлдү жана өлкөгө кирген Кыргыз Республикасынын жарандарын талаптагыдай текшерүүнү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтты.

Мындан сырткары, Президент ишканалар менен өнөржай объектилеринин иштеши үчүн зарыл болгон социалдык маанилүү жана башка товарлардын, биринчи кезекте керектелген азык-түлүктөрдүн эркин ташылышын камсыз кылуунун улантылышын баса белгиледи.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев инфекция менен күрөшүүдө Куралдуу күчтөрдүн ички иштер органдары, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу жана башка тартылган мамлекеттик органдар менен өз ара ыкчам аракеттешүүсү боюнча чаралар жөнүндө маалымат берди.

Ал бүгүнкү күндө аскер бөлүктөрүндө, бөлүмчөлөрдө, блокпосттордо кырдаал туруктуу экенин, жеринде болгон кемчиликтер ыкчам четтетилгенин белгиледи.

Өзгөчө абал киргизилген аймактардагы блокпостторго тартылган бардык аскер кызматчылары зарыл болгон жеке коргоочу каражаттар менен камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий