• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жээнбеков Куранды орусчага которгон Валерия Порохованын дүйнөдөн кайтышына байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Муфтийлер кеңешинин төрагасы, Россиянын Европа бөлүгүнүн мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы Муфтий Равил Гайнутдинге Куранды поэтикалык формада орус тилине которгон жалгыз котормочу Валерия-Иман Порохованын дүйнөдөн кайтышына байланыштуу көңүл айтты.

«Куранды поэтикалык формада орус тилине которгон жалгыз котормочу Валерия-Иман Порохованын дүйнөдөн кайтышы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ислам дүйнөсү оор жана орду толгус жоготууга учурады.

Валерия-Иман Михайловна котормонун жана чыгыштаануунун өнүгүшүнө өтө чоң салым кошкон.

Ал Кыргызстанга бир канча жолу келип, ар кандай илимий жана диний иш-чараларга катышкан. Ар дайым рухий нравалык жана адамзаттын маданиятынын жалпы деңгээлин жогорулатуу маселелерин көтөрүп келген.

Анын улуу котормочу, мусулман жана коомдук ишмер жаркын образы түбөлүккө биздин эсибизде сакталат.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деп белгиленген Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий