• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигиндеги системалык коррупцияны жоюу боюнча реалдуу иштерди баштоону талап кылды

Өкмөт 0


Бишкек, 18-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиндеги коррупциялык системаны жоюу боюнча деталдык планды ишке ашыруу темасында жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы эске салгандай, мамлекеттик органдарда коррупция менен активдүү күрөшүү жүрүп жаткандыгы биринчи жыл эмес.

«Коррупция өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына коркунуч келтирет, анын көрүнүштөрү мамлекеттик башкаруунун дээрлик бардык чөйрөсүнө таасир этет. Паракорчулуктун терс таасирлери жарандардын турмуш-тиричилигине таасирин тийгизет, мамлекеттик аппаратты алсыздандырууга алып келет жана бийлик органдарынын ишине шек келтирет», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Премьер-министр жарандардын курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигине карата ишеними төмөнкү деңгээлде экендигине басым жасады. Айрыкча бул аңчылыкка болгон көзөмөлгө байланыштуу. Браконьерлик фактыларынын саны азайган жок. Ал эми Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарлардын саны азайууда. Жүргүзүлгөн анализ көрсөткөндөй анын себеби мекеменин коррупция менен күрөшүүдөгү иши жетишерлик эместигинде болууда.

«Акыркы эки жылда курчап турган чөйрөнү коргоо тармагындагы органдарда 44 төн жогору жемкорлук фактысы аныкталган. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 150 млн сомдон жогору. Ал тургай, бул көрсөткүчтөр курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында жасалган бардык жемкорлук кылмыш иштеринин толук масштабын көрсөтө албайт», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов мекемедеги коррупциялык системаны жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди. Мамлекеттик агенттиктеги болгону 35 жемкорлук коркунучун жоюу үчүн 91 коррупцияга каршы иш чараны ишке ашыруу зарыл. 2017-жылдын июнунун аягында 43 (47%), жарым-жартылай 46 (50%) жана 2 (3%) айрым бөлүгү аткарылган.

Абдыкалык Рустамов белгилегендей, жогорку кесипкөй юристтердин жетишсиздигинен улам бир катар иш чараларды аткарууда кыйынчылыктар келип чыккан.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн сектор башчысы Белек Ахметов белгилегендей, жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында коррупцияга каршы чараларды аткарууда уюштуруу жана аткаруучулук тартиптин төмөн болгондугу аныкталган.

Жетекчиликтин тарабынан аткаруучулук катардагы кызматкерлердин деңгээлинде болгон. Мындан тышкары коррупцияга каршы чараларды ишке ашырууда белгиленген мөөнөттөрү сакталган эмес жана кемчиликтерге жол берилген. Айрымиш-чаралар боюнча мурда бир нече жолу кайрылууларга карабастан, көңүл бурулбай, 6 ай бою кармалып турган.

Мамлекеттик агенттиктеги коррупцияга каршы күрөшүү чараларынын аткарууда жооптуу тараптардын кызыктар болбогондугу аныкталган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков маалыматтарды угуп, бул кырдаалдын себеби курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчилигинин өз милдеттерин аткарууга үстүртөн жана кесипкөй эмес мамиле жасагандыгын белгиледи. Коррупциялык системаны жоюу боюнча иштер формалдуу жүргүзүлгөнүн, жыйынтыгы начар жана жетишсиз экенин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков дагы бир ирет эскерткендей, Өкмөт коррупцияга менен күрөшүүнү тынымсыз жүргүзүп, бул багыттагы иштер улантылат. Ал баса белгилегендей, азыр коомчулук өлкөдө болуп жаткан иштерге көз салып, бардык мамлекеттик кызматкерлердин ишинин ачыктыгын жан айкындуулугун талап кылуууда. Эгерде мамлекеттик кызматкер тарабынан коррупциялык көрүнүш боюнча эскертүү берилсе, алар мыйзамдын алкагында жазасын алат.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго жана статс-катчысы Азамат Эркебаевге катуу эскертүү жасады. Өкмөт башчы аларга системалык коррупцияны жоюу планын натыйжалуу ишке ашырууга тез арада киришүүнү тапшырды.

Ошондой эле бир жумалык мөөнөттө башкармалыктын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине карата коррупцияга каршы иш чараларды аткаруудагы кетирген кемчиликтери үчүн катуу чараларды кабыл алууну тапшырды. Ал эми бир айлык мөөнөттө коррупцияга каршы чаралар планын ишке ашыруу боюнча аткарылбаган жана жарым жартылай аткарылган чараларды аягына чыгаруу чараларынын көрүлүшүн жана алардын аткарылышы боюнча маалыматты КР Өкмөтүнүн Пппаратына киргизүүсүн тапшырды.

Аны менен бирге укук коргоо органдарынын жетекчилерине Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиндеги жана анын ведомстволук бөлүмдөрүндө коррупциялык кылмыштарды аныктоо боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий