• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков курман болгон аскер кызматкери Равшан Муминовдун жубайын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта курман болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун жубайын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Президент курман болгон аскер кызматкеринин жубайы — Мухайе Муминовага терең кайгыруу менен көңүл айтып, Равшан Муминов Мекен чегин коргоо учурунда өз өмүрүн берип, баатырдык кылганын белгиледи.

Мамлекет башчысы аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана тайманбастыгы үчүн Равшан Муминов курман болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйланганын белгиледи. Ал Равшан Муминовдун эрдиги Мекенге чын ниет менен кызмат кылуунун жана чыныгы патриотизмдин үлгүсү экенин баса белгиледи.

Мамлекеттик сыйлык аскер кызматкеринин жубайы Мухайе Муминовага тапшырылды.

Президент курман болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан зарыл болгон колдоо көрсөтүлүп турарын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак-жай алуу үчүн 2 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий