• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Куттуу элибизге - биримдик, кутман жерибизге – тынчтык тилейм!

Президент 0

Бишкек, 31.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады.

Төмөндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарды Жаңы 2018-жыл менен куттуктоосунун тексти:

"Урматтуу мекендештерим!

Кадырлуу калайык журтум!

Саналуу мүнөттөрдөн соң биз Жаӊы жылдын босогосун аттайбыз!

Баардык мекендештеримди, ар бир кыргызстандыкты Жаӊы 2018-Жыл менен куттуктайм!

Эски жылды узатып жатып, өткөнгө кылчая карайбыз. Аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарабыз. Эртеӊкинин максаттарын белгилейбиз. Жаӊы үмүттөр, жакшы маанай менен жаркын келечекке кадам таштайбыз.

Узап бараткан 2017-жыл тарыхый жыл болду. Бул жылы биз экономикалык өсүштү камсыз кылдык. Бир катар социалдык долбоорлорду ишке ашырдык. Эл аралык аренада өлкөбүздүн аброю жогорулады.

Ачык-айкын, курч атаандаштык шайлоо аркылуу өлкөбүздүн жаӊы Президенти шайланды. Кыргызстан дүйнө жүзүнө демократиялуу мамлекет экенин дагы бир жолу далилдеди.

Азыр Кыргызстан өнүгүүнүн эӊ маанилүү мезгилине келди. Өлкөнүн алдында чоң милдеттер турат, өнүгүүнүн узак мөөнөткө багытталган стратегиясын аныктап жатабыз.

Биз таза коомду курууга бет алдык. Эӊ башкысы –коррупция менен чечкиндүү күрөштү улантабыз.

Өлкөнүн, коомдун тазалыгы - эң оболу ар бирибиздин жүрөгүбүздүн, ниетибиздин тазалыгынан башталат.

Улуттук дөөлөттөрдү бийик туткан, руху күчтүү коомду, ар бирибиз жүрөгүбүз, чын ниетибиз менен сүйгөн мамлекетти, жашоо шарты ыӊгайлуу, урпактарыбыз сыймыктана турган өлкөнү курууну максат кылабыз.

Биз баарыбыз бир максатка, бир тилекке биригип, коомубуздун ынтымагын бекемдейбиз. Улуттар аралык биримдикти чыӊдайбыз. Элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылабыз.

Эл аралык байланыштар жаңы баскычка көтөрүлөт. Коңшуларыбыз менен салттуу достугубуз чыңдалат.

Мен элибиздин акылмандыгына, жаратман күчүнө ишенем! Кыргызстаныбыздын келечеги кең. Биз үчүн өлкөдөн кымбат дөөлөт жок!

Урматтуу кыргыз элим! Калайык журтум!

Биз, азыр чын жүрөгүбүздөн толкунданып, Жаңы Жылды күтүп жатабыз. Бул ирмем менин жүрөгүмдөгү үмүт отун, Сиздерге болгон тунук ниетимди, жакшы тилектеримди жеткирсин!

Жаӊы Жыл аруу пейил, асыл үмүт, таза дил менен башталсын. Максаттар ишке ашып, үмүттөр орундалып, элибизге береке, кут, бакыт, түгөнбөс дөөлөт алып келсин! Ар бир үйгө токчулук жана бекем ден-соолук каалайм!

Куттуу элибизге - биримдик, кутман жерибизге – тынчтык тилейм!

Келечекке багыттылган кыргыз көчүнүн сапары байсалдуу болсун!

Жаратканыбыз элибизден жакшылыгын аябасын!

Жаңы Жылыңыздар менен!"

Пикир

Оставить комментарий