• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков Кувейт эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль Маатукту кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда, Кувейт Мамлекетинин Эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль Маатукту кабыл алды, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы Кувейт тарапка ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруудагы көмөктөшүүсү жана өлкөнүн калкынын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоо боюнча кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Кувейт менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Биргелешкен кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары аймактык өнүктүрүү, айыл чарба, санариптештирүү, социалдык объектилерди куруу жана туризм тармактарын атады.

Кувейт эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль Маатук мамлекет башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандын калкынын бакубатчылыгын жогорулатуу үчүн мындан ары да социалдык колдоо көрсөтүүгө даярдык билдирди. Ал ошондой эле Кувейт тарап Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий