• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жээнбеков Кувейттин финансы министри менен инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулады

Президент 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, Кувейт Мамлекетинин финансы министри Наиф Фалах Мубарак Аль-Хаджраф менен жолугушту, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Өлкөлөр ортосундагы финансылык жана инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы Кувейт менен эки тараптуу аракеттенишүүнү өстүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Кувейт тарапка экономикалык жана финансылык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Атап айтканда, стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт Фондунун ишмердигин белгиледи.

Ошондой эле Мамлекет башчысы «Ас-Салам», «Ас-Сафа» жана «Ассанабил» кайрымдуулук фонддорунун жакшы ишмердигин канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөлөр аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун өстүрүү зарылдыгын баса белгилеп, аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, айыл чарба, билим берүү, медицина ж. б. тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Кувейттин финансы министри Наиф Фалах Мубарак Аль-Хаджраф Кувейт тарап бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Ал инвестициялык сунуштарды карап чыгып, биргелешип иштетүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий