• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков КВНдин жайкы кубогун Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүнү сунуштады

Президент 0

Бишкек, 29.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында КВН Эл аралык союзунун президенти Александр Масляков менен жолугушуп, “Достук” орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Александр Масляковго жогорку сыйлык – “Достук” орденин тапшыруу боюнча жагымдуу мүмкүнчүлүк пайда болгонун белгиледи.

«Алмазбек Атамбаев өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукту бекемдөөгө болгон Сиздин салымыңызды жогору баалап, Сизди “Достук” ордени менен сыйлады. КВН – жалпы элдик оюн жана Кыргызстанда дагы өнүгүп жатат, биз ага өзгөчө көңүл бурабыз. Оюндар мектептерде жана университеттерде өткөрүлүп турат. Биз дайым КВНди көрүп, командабызды колдоп турабыз», - деп айтты Сооронбай Жээнбеков жана элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө, таланттуу жаштарды колдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы КВНдин жайкы кубогун Кыргызстанда, Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүү сунушун билдирип, Александр Масляковду Кыргызстанга чакырды. Ал ошондой эле Александр Масляковду өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктады.

Александр Масляков ыраазычылык билдирип, бул сыйлык КМШ өлкөлөрүнүн башка жаштары менен биргеликте КВН оюнуна өзүн арнаган Кыргызстандын жаштары үчүн дагы берилгенин белгиледи.

«Сыйлык үчүн чоң рахмат. Мен Сиздердин өлкөдө болгом жана Кыргызстанда талантуу жаштар абдан көп экенин билем. Биз өз кезегибизде аларды колдоп, жардам берүүгө даярбыз», - деп айтты Александр Масляков жана Президент Сооронбай Жээнбековго анын жогорку мамлекеттик кызматында Кыргызстандын бакубатчылыгы үчүн ийгиликтерди каалады. Ал ошондой эле Кыргызстан Президентине КВН ойногондорду гана эмес, жаштарды дагы колдоого алуу тилегин айтты.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 21-ноябрында кол койгон Жарлыкка ылайык, КВН Эл аралык союзунун президенти, КВН телеберүүсүнүн жетекчиси жана алып баруучусу Александр Масляков Кыргызстан менен Россиянын элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон чоң салымы, көп жылдык жана үзүрлүү чыгармачыл ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын «Достук» ордени менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий