• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү бекемделе берет деп ишенем

Саясат 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштык мамилелери мындан ары да эки элдин бакубаттуулугу үчүн бекемделе берет деп ишенем», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Мамлекеттер аралык Жогорку Кеңешинин Бешинчи жыйынында.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз жана казак элдери бир тууган эл экенин баса белгиледи.

«Биздин жалпы тарыхыбыз, маданиятыбыз, үрп-адаттарыбыз, каада-салттарыбыз окшош жана биздин рухубуз бир. Биздин элдерде «Алыскы туугандан жакынкы кошуна жакшы» деген жакшы макал бар. Казакстан менен кызматташууну өнүктүрүү – Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда ар тараптуу өз ара аракеттенүү, өзгөчө соода-экономикалык тармакта, динамикалуу өнүгүп жатканын кошумчалады. Өлкөлөрүбүздүн элдеринин ынтымагы мындан ары да жакшырып, бир туугандык мамилелер бекемделе берет деген ишенимин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков тар курамдагы сүйлөшүүлөр салттуу бир туугандык жана өз ара түшүнүшүү духунда өтүп, талкууланган бир катар маанилүү маселелер боюнча макулдашууларга жетишилип, аларды ишке ашыруунун практикалык механизмдери аныкталганын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул сүйлөшүүлөр Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрөөрүнө ишенимин айтып, бардык багыттар боюнча мындан ары бирге иштешүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий