• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Кыргыз комузу - рух табериги катары сакталып келди

Президент 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосун бүгүн, 9-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Таңшы комуз» аттуу гала-концертте окуду.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

«Урматтуу мекендештерим!

Ардактуу салтанаттын катышуучулары!

Элибизди өлкөбүздө биринчи жолу расмий белгиленип жаткан Комуз күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Көөнөргүс мурастары жана бай тарыхы бар нарктуу кыргыз элинин баа жеткис көркөм дөөлөтү, элибиздин кан-жанынан бүткөн, үч кыл комуз улутубуздун көөнө музыкалык аспабы. „Манас“ эпосу баш болгон дастандарыбыз менен бирге комуз күүлөрү элибиздин көкүрөк рухун байытып, аруулап, аң-сезимин жылоолоп, улуттук ар-намысыбызды ойготуп келет. Кайгы-кубанычыбызды, баскан баяндуу жолубузду күүгө салып, кылым сапарын карытып, кыргыз комузу муундан-муунга өтүп, рух табериги катары сакталып келди. Алмустактан ата-бабаларыбыз өрүктөн комуз чаптырып, карагай капкак тактырып, ичегиден кыл жасап, үч кылга жан салып келген комузубузду бекеринен „жыгачтан эмес жүрөктөн бүткөн комузум“ деп аздектебесе керек.

Айтылуу акын Алыкул Осмонов:

Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз,

Чертилбейт, күүгө келбейт чебер колсуз.

Караган көргөн көзгө жөпжөнөкөй,

Бирок да өнөрү бар айтып болгус, — деп жазгандай комузчулук өнөр манасчылык сыяктуу эле элибиздин кош канат өнөр касиетине эгедер.

Жараткандын кудурети менен комузчу болуп таанылып, бизге белгилүү болгон Капал, Музооке, Байгазы, Күрөңкөй, Кыдыр аке, Арстанбек сындуу комузчулардан баштап, кыргыз күүсүнүн „Алтын доорун“ түптөгөн күү аталары Карамолдо, Токтогул, Ыбырай, Ниязалы, Айдаралы, Чалагыз, Эркесары, Атай, Шекербек сыяктуу залкарлар кыргыз күүсүн байытып, улуулардын асыл жолун улап, кийинки муунга улуу өнөрдү даңазалап берди.

Комуз өнөрүнүн сакталып, бүгүнкү күнгө жеткирүүдө опол тоодой эмгек жасаган залкарлардын улуулугун унутпашыбыз керек. Мындай зор салым кошкон инсандардын катарында эл аспаптар оркестрине биринчи ирет кыргыз комузун киргизген дирижер-композитор Насыр Давлесов, кыргыз күүлөрүн алгачкы оркестрге салган атактуу дирижер Асанхан Жумакматов, биринчилерден комуз күүлөрүн толуктап нотага түшүргөн Чалагыз Исабаев бар.

Бүгүн да залкарлардын жолун улап эл артисттер, эл аспаптар оркестрлери, жаштарыбыз улуттук музыканы жогорку чеберчилик менен жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерде даңазалап, эл аралык иш-чараларга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишет. Бул эл достугун бекемдеп, улуттук маданиятты жана баалуулуктарды дүйнө элдерине таанытат.

Мындан ары Комуз күнү жыл сайын салттуу өткөрүлүп, жакшы жөрөлгөгө айланып, республикабыздын көркөм-маданий тармагында мындан ары да өзүнүн татыктуу ордун табат деп ишенем.

Баарыңыздарды ушул бүгүнкү Комуз күнү менен дагы бир жолу куттуктап, чыгармачыл инсандарга албан ийгиликтерди каалайм.

Кылым карыткан кыргыз комузунун добушу таңшып Ала-Тоону гана эмес, ааламды араласын!»

Пикир

Оставить комментарий