• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Кыргыз коомунда элчиликтин тарыхы кылымдардын тереңине кетет

Президент 0

БишкеК, 12.11.19. /Кабар/. “Биздин дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди - экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат”, - деп баса белгиледи Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 75 жыл. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги" форумунда.

Мамлекет башчысы Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдык юбилейи менен куттуктап, кыргыз дипломатиясынын тарыхына кайрылды.

"Кыргыз коомунда элчиликтин тарыхы кылымдардын тереңине кетет. Башка мамлекеттер менен болгон дипломатиялык мамиле биринчилерден болуп 643-жылы башталганы тарыхый булактарда жазылган. Андан кийинки замандарда, улуу Манас бабабыздын мезгилинде, кыргыздар коңшу элдер менен достук мамиле түзгөнгө аракеттенип келишкени белгилүү. Манас эпосунда азыр да колдонуп келе жаткан “элчи”, “элчилик”, “тилмеч” деген түшүнүктөр бар. Элчинин өзгөчө статусу болгон, ага кылдат мамиле жасалып, жазадан бошотулган", - деп баса белгиледи президент.

Айкөл Манас атабыз өз элинин жана мамлекетинин бейпилдиги үчүн коңшулар менен достук гана эмес, тууган болууга чейинки тыгыз байланыштарды чыңдаган, - деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

"Көз карандысыздыкты, эгемендикти, эркиндикти туу тутуп, мамлекеттүүлүк идеясын кылымдар бою жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө сактап келген кыргыздар үчүн элчилик функция эң маанилүү роль ойногон", - деди өлкө башчысы.

Ал маалымдагандай, ошол улуу тарыхты улап, 18-кылымда кыргыздын даанышман эл башчылары Падышалык Россия менен дипломатиялык мамилени түзүү боюнча аракеттерди баштаган.

"Бул багыттагы биринчи кадам - Атаке-бийдин 1785-жылы Санкт-Петербург шаарына жөнөткөн элчилигинен башталат десек болот. Ушул аракеттер тынбай уланып жүрүп, 1855–жылы кыргыздардын Россияга ыктыярдуу кошулуу процесси башталган. Кыргыз элинин белгилүү ойчулу жана дипломаты, мамлекеттик ишмер Кыдыр аке Байсары уулу 1913-жылы Санкт-Петербург шаарына Романовдордун династиясынын 300 жылдыгына чакырылган. Улуулардын даңктуу жолун улап, совет мезгилинде кыргыздын бир катар чыгаан дипломаттары өсүп чыкты", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий