• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Кыргыз милициясы бүгүн да элге ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөп жатат

Президент 0

Бишкек, 01.1.19. /Кабар/. Кыргыз милициясы бүгүн да элге ак ниеттүүлүк жана берилгендик менен кызмат өтөп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-ноябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Анын айтуусунда, коомдун тынчтыгы, өмүрүнүн сактыгы, мүлкүнүн корголушу үчүн — жарандар милиция кызматкерлерине ишеним артат.

«Бул абдан олуттуу, жоопкерчиликтүү жана ардактуу иш. Өзүнүн дээрлик бир кылымга созулган узак жолунда милиция бул ишти ар намыс менен аткарып келди, элдин ишенимин актады», - деп баса белгиледи өлкө башчысы.

Президент кошумчалагандай, КР Ички иштер министрлигинин жетекчилиги жана жалпы курамы жакшы иштерди жасады.

«Атап айтканда, Ички иштер органдары элге кызмат көрсөтүү борборун «Бирдиктүү терезе» режиминде уюштурду. Бир жыл мурда Бишкек шаарында алгач башталган ишти улап, жарым жыл ичинде мындай борборлор бардык региондордо ачылды. Муну менен жарандардын жана кызматкерлердин ортосундагы түз байланыштар чектелип, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлууда. Бир нече жылдар бою жарандардын жолдогу коопсуздугу камсыз кылынбай келген.

Жол кырсыктарынын кесепетинен болгон өлүмдөрдүн саны жогору бойдон калган. Биз бул жылы абалды олуттуу өзгөртүүгө жетиштик. »Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү менен, видео байкоо системалары орнотулган жерлерде жол кырсыктарынын саны дээрлик 50 пайызга азайды», - деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 95 жыл болду.

Пикир

Оставить комментарий