• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Кыргыз тарап аймактык коопсуздукту камсыздоо керектигине бекем турат

Президент 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Кыргыз тарап аймактык коопсуздукту камсыздоо керектигине бекем турат, - деп билдирди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Ташкент шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусунда.

Мамлекет башчысынын айтуусунда, Афганистанда жана Жакынкы Чыгыштагы абал, Ислам мамлекети жана аймактагы башка радикалдуу топтордун идеологиясын жайылтуу терең тынчсызданууну жаратып жатат.

"Биздин мекендештерди жалданма террористтердин катарына тартуу жана активдүү пропаганда биздин аймак үчүн тынчсыздандыруучу фактор болуп жатат. Активдүү биргелешкен аракеттер менен гана биз эл аралык терроризм жана экстремизм коркунучуна туруштук бере алабыз деп ойлойм. Кыргыз тарап аймактык коопсуздукту камсыздоо керектигине бекем турат", - деди ал.

Өлкө башчысы баса белгилегендей, бүгүнкү күндө эң негизги маселелердин бири чек арадагы өз ара түшүнүшүү жана коопсуздук деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

"Буга байланыштуу мамлекеттик чек аралардын укуктук каттоосун тез арада жыйынтыктоо боюнча биргелешкен жумушту улантуу зарыл. Бул жумуштун татаалдыгына карабастан, алдыга жылып, компромисс издешибиз керек. Туруктуулукту сактоо жана чек араларда өз ара ишенимди мындан ары бекемдөөгө бардык аракеттерди көрүү маанилүү. Биздин чек ара жана бажы структуралар, коопсуздук жана ички иштер аймактык органдары, бийликтин жергиликтүү органдарынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө чакырам", - деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий