• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Кыргыз тилин өнүктүрүү — тилчилерден гана көз каранды эмес

Президент 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Кыргыз тилин өнүктүрүү — тилчилерден гана көз каранды эмес, - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл толгонуна байланыштуу өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада.

Президенттин айтымында, тилди сактап, жашоо турмушубузга кеңири жана терең киргизүү — баарыбыздын милдетибиз.

"Кыргыз тилин өнүктүрүү үй-бүлөдөн тартып, коомдук бардык институттардын милдети. Ачыгын айтканда, маселенин өзөгү — өзүбүздүн, кыргыздардын жоопкерчиликсиз жана кайдыгер мамилесинде. Шаардык ата-энелер — балдарыбыз менен кыргыз тилинде баарлашып, аны үй-бүлөнүн күнүмдүк нормасына айланткан жокпуз. Балдарыбызга кыргыз адабиятын, кыргыз маданиятын, деги эле кыргыздын нарк-насилин сиңире албасак, аларга кантип кыргыздын тилин, рухун жеткиребиз? Бүгүн ар-бир ата-энеге кайрылам: эне тилибиздин алдындагы милдетибизди, ата-бабалардын элесинин алдындагы зор жоопкерчилигибизди сезели", - деди президент.

Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөдө тил маданиятын кайра калыбына келтирүү керектигин айтты.

"Ар бир үйдө жаштарыбыз, балдарыбыз мамлекеттик тилде сүйлөп, жазып, ой жүгүрткөндө гана тилибиз сакталат, өнүгөт, кийинки урпактарга жетет. Ушул милдет ар дайым ар бир ата-эненин көңүлүнүн төрүндө болсун!", - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий