• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жээнбеков: Кыргызстан экологиялык таза айыл чарба азык-түлүктөрүн экспортоону көбөйтөт

Президент 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. «Кыргызстан экологиялык таза айыл чарба азык-түлүктөрүн экспортоону көбөйтөт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы жашоо деңгээли жогору өлкөлөр экологиялык таза продукцияга кызыкдар экенин белгилеп, Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү, ВСП+ өзгөчө жеңилдетилген статусу берилгенин эске салды.

«Коңшу Кытай мамлекети да биз үчүн ири рынок. Бизде өндүрүлгөн азык-түлүктү Кытайга чыгаруу боюнча иш башталган. Мунун үстүндө ишти күчөтүп, талаптарды да коюп жатабыз. Биз эл аралык деңгээлге чыкканга дагы өзүбүздүн лабораторияларды даярдап, азыр ага даяр болуп калдык. ЕврАзЭСтин алкагында бул уюмга мүчө эмес өлкөлөр менен эркин соода жүргүзүү аракети бар. Мисалы, Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттери Сербия менен эркин соода жүргүзүү тууралуу Макулдашууга кол коюлган. Ушундай эле келишим Вьетнам жана Иран менен күчүнө кирди. Израиль, Египет, Индия сыяктуу өлкөлөр менен да эркин соода жөнүндө келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, биз аны колдоп жатабыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент тышкы рынокко чыгуу үчүн ошол талаптарга жооп берген азык-түлүктү өндүрүп, көлөмүн көбөйтүү керектигин кошумчалады.

«Ал үчүн өндүрүү технологияларын жакшыртуу, жетиштүү сырьелор менен камсыз кылуу зарыл. Бул маселелерди кластердик долбоорлор аркылуу чечебиз. Ага каржылоо булактары аныкталып, жеңилдиктер, дем берүү инструменттери каралган. Биз сыртка чыгыш үчүн өзүбүзгө логистикалык борборлорду салуу боюнча долбоорлор иштеп жатат, каражаттар бар», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ошондой эле ал ишкерлерге ички ресурстардан колдоо болорун, бизнеске жагымдуу чөйрөнү түзүү — улуттук стратегиялык өнүгүүнүн негизги талаптары экендигин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков экспорттук-импорттук өнүктүрүү банкын түзүү тууралуу маселе каралууда, бул дагы бизнести колдоого өз таасирин берерин баса белгиледи.

Аны менен бирге Президент белгилегендей, экономикалык мамилелерге санариптик технологиялардын кеңири колдонулушу да чоң таасир тийгизет, буга байланыштуу бүт өлкөнү санариптештирүү процессине чоң маани берилүүдө.

«Буйруса, кыска убакытта санариптештирүү боюнча жакшы жетишкендиктер бар. Бирок ага жетип калдык дебей, талапты күчөтүп жатабыз. Мен барган, кыдырган жерде санариптештирүү кандай жүрүп жатат, эмне болууда — өзүм кирип, көзүм менен көрүп, тапшырмаларды берип жатам», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Электрондук соода маселесине токтолуп, ал бүгүнкү жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланганын белгиледи.

«Интернеттеги сатуу рыногу чоң темп менен өсүп жатат. Эксперттердин божомолуна караганда, мындан ары да абдан тез өнүгөт. Ошондуктан, биз электрондук соода сатууну өнүктүрүү боюнча да катуу иш алып барышыбыз керек. Ал боюнча мыйзамдык базаны калыптандырууга жана башка иштерге көңүл буруп жатабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий