• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 27.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ассамблеянын өлкөнүн коомдук-саясий жашоосундагы ишмердиги, анын Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө маселелеринде мамлекеттик бийликтин бардык бутактары менен өз ара аракеттенүүсүнө байланыштуу маселелер талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ассамблеянын этникалык көп түрдүүлүк жана жарандык интеграцияны өнүктүрүүдөгү ролун баса көрсөтүп, анын өзгөчө аймактарда мамлекеттик органдар менен мындан аркы тыгыз аракеттенишүүсүнүн зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий