• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Ассамблеянын улуттар аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты жана өлкө элинин биримдигин сактоодогу жүргүзүп жаткан чаралары талкууланды.

Абдыганы Эркебаев учурдагы ишмердүүлүгү, Ассамблеянын курамына кирген этникалык коомдук бирикмелер жана коомдук фонддор менен жүргүзгөн иштери тууралуу айтып берди.

Ассамблея төрагасы белгилегендей, ал аталган кызматка киришкенден тартып, өлкө аймактарына бир катар сапарлар менен барган, алардын жүрүшүндө этникалык диаспоранын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик менен жолугушкан.

Жолугушуулардын алкагында жарандык тынчтыкты бекемдөө жана Кыргызстан элинин биримдигинин маанилүүлүгү талкууланган.

Президент Сооронбай Жээнбеков улуттар аралык ынтымак мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизи болуп саналганын баса белгиледи. Ал кыргызстандыктар коомдук бүтүндүктү баалашканын белгилеп, аны сактоо жана бекемдөөнүн маанисин эске салды.

Мамлекет башчысы Ассамблеянын жалпы граждандык иденттүүлүгү, маданий көп түрдүүлүктү сактоонун негизинде коомду бириктирүү жана ошондой эле мүмкүн болгон чыр-чатактарды алдын алуу жана жөнгө салууда Ассамблеянын өзгөчо ролун баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ассамблеянын өлкөнүн аймактарындагы ишин активдештиргенин канааттануу менен белгилеп, мамлекеттик органдардын коомдук бирикмелер менен өз ара аракеттешүүсүн бекемдөө зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий