• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Кыргызстан Кытай менен болгон кызматташтыкты жогору баалайт

Саясат 0

Пекин, 07.06.18. /Кабар/. Кыргызстан Кытай менен болгон кызматташтыкты жогору баалайт. Бул тууралуу КР президенти Сооронбай Жээнбеков КЭР Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушууда билдирди.

Сүйлөшүү бүгүн эртең менен Пекинде Жээнбековдун Кытайга болгон расмий сапарынын алкагында Кытай парламентинин имаратында өттү.

Ли Чжаньшу Жээнбеков менен жылуу учурашып, Кыргызстан башчысынын кытайга болгон сапарынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Жээнбеков өз кезегинде жылуу сөздөрү жана куттуктоолору үчүн маектешине ыраазычылык билдирип, жеке таанышкандыгына кубанычта экендигин айтты.

“Делегаттардын жана жеке өзүмдүн атымдан жылуу кабыл алгандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдирем”,-деди президент.

Ошондой эле ал сөзүнүн башында БКЖТКнин 13-чакырылышынын биринчи сессиясынын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, кытай парламентинин сессиясында кабыл алынган чечимдер Кытайдын өнүгүшүнө жаңы түрткү бере тургандыгын билдирди.

“Төрага Си Цзиньпиндин жетекчилиги алдында Кытайдын Коммунисттик партиясы ишке ашырган новатордун идеялар, стратегиялар жана концепциялар Кытайды өнүгүүнүн жаңы баскычына чыгарат”,-деп билдирди Жээнбеков.

Кыргызстан бүтүндөй дүйнө жүзүндө айтылган Кытайдын жетишкендиктерин жогору баалай тургандыгын баса белгилеп, келечекте мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк багытта улантууга даяр экендигин билдирди.

Бүгүн Жээнбеков КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян менен жолугушат. Кечээ Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушкан.

КР президентинин Кытайга болгон расмий сапары эртең жыйынтыкталат, андан соң Жээнбеков 2018-жылдын 9-10-июнунда өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына (КЭР) учуп кетет.

Пикир

Оставить комментарий