• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Кыргызстан менен БАЭнин ар тараптуу өз ара аракеттенишүүсү туруктуу өнүгүүгө багыт алды

Президент 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Кыргызстан менен БАЭнин ар тараптуу өз ара аракеттенишүүсү туруктуу өнүгүүгө багыт алды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахайян менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушуу Кыргызстандын президентинин БАЭге расмий сапарынын алкагында өттү. Анда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед Бин Заед Аль Нахаян Сооронбай Жээнбеков менен учурашып, БАЭнин мамлекет башчысы Халиф ибн Заид Аль Нахайяндын саламын айтты. Ал, КР президентинин расмий сапары өлкөлөр аралык өз ара мамилелердин жогорку деңгээлин көрсөтүп турганын баса белгиледи. Кыргызстан БАЭ үчүн жакын өлкө экенин айтты.

Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Эмираттар Кыргызстан менен конструктивдүү кызматташууну улантарын жана президент Сооронбай Жээнбековдун сапары жакшы натыйжаларды алып келерине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Жээнбеков меймандостук жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал, Абу-Дабинин мураскер ханзаадасынын бир тууганы шейх Султан бин Заед Аль Нахайяндын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Президент Кыргызстан БАЭ менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө өтө чоң маани берерин, эки элди тарыхый жана руханий достук байланыштары бириктирип турарын, кыргыздар да араб эли сыяктуу көчмөндөр маданиятын жана салттарды сактап калган көчмөн эл экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков кызматташуунун бардык спектри боюнча өз ара кызматташууну жана анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда Жээнбеков жана Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын катышуусунда КР президентинин расмий сапарынын алкагында расмий делегациялардын мүчөлөрү тарабынан кол коюлган эки тараптуу макулдашууларды эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин өз ара алмашуу аземи болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий