• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Кыргызстан менен Монголия ак илбирс жердеген ареалга камтылган

Президент 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. «Кыргызстан жана Монголия ортосундагы саясий кызматташтык өз ара аракеттешүүнүн жаңы деңгээлине чыгууда», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июнда Кыргызстанга расмий визит менен келген Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолгушууда.

Мамлекет башчысы эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү зарылчылыгын белгиледи.

Президент Монголиянын Кыргызстандагы Элчилигинин ачылышы өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын дарамети толук ачылып, өз ара мамилелер жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлөрүн баса белгиледи.

«Өз кезегинде, биз да Монголияда дипломатиялык өкүлчүлүгүбүздү ачуу маселесинин үстүндө иштеп жатабыз. Жакын арада Улан-Батордо Ардактуу консулдук ачабыз деген планыбыз бар», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Монголия байкоочу өлкө катары макамга ээ болгон ШКУ алкагында да тыгыз өз ара аракеттешүү ишке ашырылып жатканын кошумчалады жана Уюмдагы Кыргызстандын төрагалыгынын алкагындагы иш-чараларды колдоосу үчүн монгол тарапка ыраазычылык билдирди.

Соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү максатында Сооронбай Жээнбеков Өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында кыргыз жана монгол бизнес-жамааттарынын катышуусу менен бизнес-форум өткөрүүнү сунуш кылды.

Ошондой эле Президент тоо-кен өнөр жайы тармагындагы Монголиянын тажрыйбасын үйрөнүүгө, жаратылыш ресурстарын башкаруу жана мамлекеттик органдардын ишмердигин санариптештирүү боюнча пикир алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

Мамлекет башчысы региондорду өнүктүрүү саясатынын алкагында өлкөлөр ортосундагы региондор аралык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн толук өлчөмдө пайдалануу зарылдыгын белгиледи.

Андан тышкары, Сооробай Жээнбеков тарых жана археология чөйрөсүндө биргелешип иштөөгө кызыкдарлык билдирди.

«Эки өлкөнүн маданияты да, тарыхы да окшош эмеспи. Андан тышкары, Кыргызстан менен Монголия ак илбирс жердеген ареалга камтылган. Ошондуктан, ак илбирстерди жана алар жердеген чөйрөнү сактап калуу боюнча ишти улантуу маанилүү болуп саналат», - деди Мамлекет башчысы.

Президент эки элдин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечеги чоң экенин баса белгиледи.

«Менин билишимче, Баян-Улгий аймагында этникалык кыргыздар жашайт. Биз бул облуста изилдөө жүргүзүү үчүн илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн тартууга абдан кызыкдарбыз. Ушул маселени терең изилдөө менен биз ортодогу жалпылоочу жагдайларды жана тарыхыбызды бириктирген башка маалыматтарды таба алабыз деп ишенем», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Халтмаагийн Баттулганын Кыргызстанга расмий визити кыргыз-монгол достук мамилелерин жана кызматташтыкты бекемдөөдө жана өнүктүрүүдө чоң кадам болуп калганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий