• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жээнбеков: Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык өнөктөштүгү эки өлкөнүн тең кызыкчылыктарына жооп берет

Президент 0

Бишкек, 01.09.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 1 сентябрда Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтык Жогорку кеңешинин жыйынына катышышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков түркиялык кесиптеши менен жылуу учурашып, кыргыз-түрк мамилелери, тамыры тереңге кеткен салттуу достугу ийгиликтүү өнүгүп жана бекемделип жатканын канааттануу менен белгиледи.

Ал боордош Түркия Кыргызстанды көз карандысыз мамлекет катары биринчи болуп тааныган өлкө экенин, ал эми Президент Эрдоган ал өлкө Президенти катары тосуп жаткан алгачкы мамлекет башчысы экенин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков быйылкы жылдын апрель жана июнь айларындагы Түркия Республикасына болгон өзүнүн визиттерин эске салды жана учурдан пайдаланып, Режеп Тайып Эрдоганды Түркиянын Президенти болуп кайрадан шайлангандыгы, ошондой эле Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын ынанымдуу жеңиши менен дагы бир жолу куттуктады.

«Сиздин бүгүнкү сапарыңыз кыргыз-түрк кызматташтыгынын баардык багыттарына импульс берип, аларды жаңы бийик деңгээлге чыгараары шексиз. Азыр эле Сиз экөөбүз эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелерин ачык-айкын талкууладык. Жылуу маанайда өткөн сүйлөшүүлөр үчүн сизге ыраазычылыгымды билдирем», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал эки мамлекеттин өз ара мамилеси чейрек кылымдан бери адайыма бекемделип жана тереңдеп келатканын баса белгиледи. Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык өнөктөштүгү эки мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына жооп берет, кызматташтык элибиздин жашоо деңгээлин көтөрүп, улуттук экономикабыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырат. Өлкөлөрүбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө көмөкчү болот.

«Стратегиялык кызматташтык Жогорку кеңешинин жыйыны биздин стратегиялык кызматташтыкты мындан дагы бийик деӊгээлге көтөрөт.Бул кеӊеш Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ишенимдүү жана ачык сүйлөшүүлөрдүн, эки тараптуу жана эл аралык маселелерди конструктивдүү чечүүнүн туруктуу куралы болуп калды», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ошону менен бирге экономикалык карым катнаштын динамикасы эки тараптуу саясий байланыштардын деңгээлинен артта калып жатканын белгилеп, ал бул чөйрөдө ишке ашыра элек потенциал арбын экенин баса белгиледи.

Ошондуктан, биздин өз ара мамилелерибиздин артыкчылыктуу багыты катары соода-экономикалык чөйрөсүн аныкташыбыз зарыл.

«Биздин өз ара мамилелерибиздин артыкчылыктуу багыты катары соода-экономикалык чөйрөсүн аныкташыбыз зарыл. Соода-экономикалык байланыш боюнча Биргелешкен комиссиянын маанилүү ролун белгилеп, жакынкы күндөрдө кийинки жыйынды өткөрүү туура болот», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

«Түркия Кыргызстандын тышкы соода чөйрөсүндө ири соода-экономикалык өнөктөштөрдүн бири катары өзгөчө орунду ээлейт. Соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга чейин көтөрүү боюнча биз мурда аныктаган максаттарды иш жүзүнө ашырууга бардык дараметибизди жумшообуз зарыл, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. — Артыкчылыктардын жалпы системасы (ВСП+) сыяктуу товар жүгүртүүгө дем берүүнүн бар болгон каражаттарын колдонуу абзел».

Мамлекет башчысы өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларын издөө жана экономикалык мамилелерди күчөтүүгө керектүү импульс берүү зарыл экенин баса белгилеп, экономикалык кызматташтыкты дагы өнүктүрүп, анын жаңы формаларын орнотууда эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү негизги ролду ойной турганын белгиледи.

Ушуга байланыштуу ишкер демилгелерге дем берүү, инвестицияны колдоо, аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен аракеттерди көрүү зарыл.

«Кыргызстан тоскоолдуктарды азайтып, экономиканы модернизациялоо жана инновациялык өнүгүү багыттарындагы иштерди жүргүзүүдө. Чет өлкөлүк инвестициялар бул процессте өзгөчө ролду ойнойт», — деди Президент.

Ал Кыргызстан орчундуу энергетикалык дараметке ээ жана региондо транспорттук потенциалды өнүктүрүү боюнча стратегиялык маанилүү ролду ээлей турганын белгиледи. Кийинки жылдары Өлкөбүздө соода, транспорт жана энергетикалык инфраструктураны түзүү боюнча ири эл аралык демилгелер пайда болууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков глобалдык жана аймактык жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга жооп берүү максатында өз ара тажрыйба алмашуунун жана кызматташуунун маанисин өзгөчө баса белгиледи. Бул маселелер боюнча Кыргызстан эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын алкагында да чогуу аракет жасап, аскердик жана аскер-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү күчөтүүгө даяр экенин билдирди.

Андан тышкары, ал маданий чөйрөдөгү кызматташтык адаттагыдай эле позитивдүү маанайда уланып жатканын белгилеп, азыркы учурда каралып жаткан Маданий борборлор боюнча макулдашуу, жарандар ортосундагы орток баалуулуктарды дагы да күчөтөрүнө ишене турганын айтты.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоодо жана өткөрүүдө көрсөтүлгөн олуттуу жардам үчүн Түркия Республикасына жана Эрдоган мырзанын өзүнө ыраазычылык билдирди. Ал келерки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасы Түркияга берилгенин белгиледи.

«Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлору эки мамлекетти тең эл аралык стандарттарга жооп берген, жогорку сапаттуу адистер менен камсыз кылып келүүдө. Мезгилдин сыноосунан өткөн Кыргыз-Түрк „Манас“ университетинин өзгөчө орду бар. Эртең дүйнөлүк стандартка жооп берген заманбап медициналык факультетин курулушуна капсула салабыз. Жакынкы келечекте бул факультет адистиги бийик деңгээлдеги дарыгерлерди даярдай баштайт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстан «Маариф» Фонду менен кызматташууну ниет кылаарын, тийиштүү Меморандумга бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кол коюларын белгиледи.

Саламаттык сактоо алкагындагы өз ара аракеттерибиз жемиштүү уланууда. Кыргыз-Түрк достугун белгилеген мамлекеттик оорукана жакын арада өз ишин толук кандуу жүргүзө баштайт. Мындан тышкары, Түркиянын медициналык мекемелеринде кыргыз жарандары акысыз жардам алуу мүмкүндүгүнө ээ болду.

«Мына ушулардын бардыгы үчүн түрк туугандарыбызга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биргелешкен аракеттерибиздин бардыгы боордош кыргыз-түрк элдеринин жашоо деӊгээлин жогорулатууга багытталат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий