• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Кыргызстан Швейцария менен банк секторундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар

Президент 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. «Кыргызстан экономиканын артыкчылыктуу тармактарына капиталды тартуу үчүн банк секторундагы мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүү жолу аркылуу Швейцария менен тереңдетилген өнөктөштүккө кызыкдар», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 10-июлда Берн шаарында Швейцариянын Улуттук банкынын Башкаруучулар кеңешинин Төрагасы Томас Йордан менен болгон жолугушуусунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков канааттануу менен Кыргызстандын жана Швейцариянын Улуттук банктарынын ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, эки тараптуу кызматташуунун тармактарын жана багыттарын мындан ары кеңейтүүнүн маанисин баса белгиледи.

Швейцариянын Улуттук банкынын Башкаруучулар кеңешинин Төрагасы Томас Йордан дагы Кыргызстандын Улуттук банкы менен болгон активдүү жана жемиштүү кызматташууну белгиледи. Ал мындан аркы өз ара аракеттенүүгө, анын ичинде финансы тармагынын актуалдуу багыттары боюнча тажрыйба алмашууда даярдыгын билдирди.

Швейцариянын Улуттук банкынын Башкаруучулар кеңешинин Төрагасы 2018-жылы Кыргызстанга улуттук валюта — сомдун 25-жылдыгына байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн келгенин баса белгиледи.

Томас Йордан Кыргызстанга өзүнүн кийинки визитин ушул жылы жасап, банк секторундагы кызматташуунун келечегин дагы бир жолу талкуулоого мүмкүнчүлүк берерине үмүттөнөөрүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий