• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков: Кыргызстан Тажикстан менен жылуу коңшулук мамилеге өзгөчө маани берет

Өкмөт 0


Бишкек, 7-июль / Кабар /. Кыргызстан Тажикстан менен жылуу коңшулук, достук, кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө маани берет.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 6-июлда Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен болгон жолугушууда билдирди, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү. Жолугушуу Дүйшөмбү шаарында CASA-1000 долборуна катышуучу өлкөлөрдүн саммитинин алкагында өттү.

Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы CASA-1000 субрегионалдык долбоорунун курулушуна расмий старт берилгенден тартып, бир жылдан көбүрөөк болгонун эске салды.

Сооронбай Жээнбеков аталган долбоордун тезирээк ишке киргизилиши Кыргызстан менен Тажикстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу фактор болорун жана эки өлкөнүн энергетикалык кубаттуулугун өстүрүү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенимин билдирди.

Бул өз кезегинде интергацияга жана рынокту кеңейтүүгө, сооданы өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарынын пайда болуусуна, аймактык суу ресурстарын пайдаланууга алып келет.

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон өз кезегинде Сооронбай Жээнбековго CASA-1000 долбоорунун катышуучу өлкөлөрүнүн саммитине жеке катышуусу үчүн ыраазычылыгын билдирди жана эки тараптуу мамилелердин тереңдетүүнүн жана өлкөлөр ортосундагы өз ара колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Эмомали Рахмон Тажикстан ар бир тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен тажик-кыргыз мамлекеттик чек ара, делимитация маселелерин тез арада чечүүгө бекем ниети бар экендигин баса белгиледи.

Тажикстандын Президенти баса белгилегендей, аталган процесстин ийгиликтүү жыйынтыкталышы чек ара аймактарындагы ишенимдүү жагдайды, стабилдүүлүктү жана коопсуздукту түзүүгө жардам берет.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Эмомали Рахмонду 2017-жылдын 25-августунда Бишкек шаарында өтүүчү ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумга катышууну кабыл алууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий