• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Кыргызстан трансулуттук темир жолун куруу боюнча Монголиянын тажрыйбасы менен таанышууга кызыкдар

Президент 0


Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. «Кыргызстан трансулуттук темир жолун куруу жана темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча Монголиянын тажрыйбасы менен таанышууга кызыкдар», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12- июнда Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын Кыргызстанга расмий визитинин алкагындагы кеңейтилген курамдагы жолугушууда.

Монголия Президентинин темир жол курулушу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндөгү сунушка жооп катары Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан темир жол тармагын кеңейтүү жана модернизациялоо боюнча монгол тажрыйбасына кызыкдар экенин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ата-мекендик, анын ичинде Транспорт жана жолдор министрлигинин адистерин Монголияга жөнөтүп, аталган багытта тажрыйба үйрөнүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий