• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Кыргызстан Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрөт

Президент 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Кыргызстан Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесине байланыштуу иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынында билдирди.

Жээнбеков Кыргызстан КМШнын катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин жеңишинин 75 жылдыгына байланыштуу Кайрылуусун колдогонун өзгөчө белгиледи.

«Жеңиш күнү — жалпы тарых жана элдерибиздин тагдыры тууралуу эскертип турган өзгөчө күн. Бизди узак жылдарга бириктире турчу ыйык эскерүү күнү. Алдыдагы Улуу Жеңиштин мааракеси — бул биздин фашизм менен күрөшүүдө курман болгон аталарыбыз жана чоң аталарыбыздын элесине таазим этүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк», — деди мамлекет башчысы.

Өлкө башчысы кошумчалагандай, биз тарыхыбызды сактап калып, аны кайрадан жазып чыгуу аракеттерине биргелешип каршы турушубуз керек.

«Кыргызстан Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесине байланыштуу иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрөт», — деп кошумчалады президент.

Пикир

Оставить комментарий