• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Кыргызстан уникалдуу органикалык продукция менен гана аймактык атаандаштыкка туруштук бере алат

Президент 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. «Кыргызстан уникалдуу органикалык продукция менен гана аймактык атаандаштыкка туруштук бере алат», – деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү, 4-июлда Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчы химикаты жок, экологиялык таза продукция менен глобалдык конкуренцияга туруштук берүү максатын түшүндүрүп кетти.

«Кыргызстанда иштетилип жаткан жердин көп бөлүгү өзү эле „органикалык“ болуп саналат. Анткени биздин фермерлер химикаттарды колдонушпайт. Айыл чарба продукциясынын баалары коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Бул факторлор келечекте Кыргызстанда жасалган эко продукциянын брендин күчөтөт. Биз ушул дүйнөлүк рынокто бааланган экологиялык таза органикабызды сактап калышыбыз керек», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал экологиясы таза, органикалык продукцияны ЕАЭБден сырткары Кытай Эл Республикасына экспорттоону активдештирүү максатында иш-аракеттер планы бекитилип, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар көрүлүп жатканын айтты.

Мындан тышкары, 2019-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча өкмөттүн программасы кабыл алынган. Аталган программага ылайык, кайра иштетилген мөмө-жемиш продукциясынын Кытайга экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү, кайра иштетилүүчү продукциянын өсүшүн камсыз кылуу үчүн бир нече чаралар каралган.

Пикир

Оставить комментарий