• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Кыргызстан Өзбекстанга тамак-аш жана кайра иштетүү, тигүү жана башка товарларды экспорттоого даяр

Өкмөт 0

БИШКЕК, 16.08.17. /Кабар/. Эки элдин мамилесин өнүктүрүү тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү алып салуусуз мүмкүн эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-августта, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын эки тараптуу кызматташуусу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында билдирди. Комиссия жыйыны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Жыйынды ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Прмьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, комиссиянын кыргыз тарабынын мүчөлөрүн жана жеке өзүнүн атынан өзбек делегациясына жана ошондой эле бүгүнкү жолугушуунун бардык катышуучуларына салам жолдоду.

«Акыркы ирет эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын жетинчи жыйыны болгондон тартып сегиз жыл өттү. Бул жетишээрлик узак тыныгуу. Буга байланыштуу Кыргызстан Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Борбор Азия аймагы Өзбекстандын тышкы саясий ишмердүүлүгүнүн башкы артыкчылыгы. Анын ичинде коңшу өлкөлөр менен мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүү тууралуу сөзүн жылуу кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылдын соңунда Самарканд шаарындагы сапары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө күчтүү дем берди. Кызматташтыкты активдештирүү үчүн бизге эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жол картасын кабыл алуубуз зарыл», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын Өкмөт башчысы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пунктуларынын ишин кайра калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бул эркин аралашуу үчүн жана жүктөрдү ташууга, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, кыргыз-өзбек биргелешкен ишканаларын, логистикалык борборлорду жана кайра иштетүүчү ишкаларды түзүүгө жол ачат. Мындан тышкары Кыргызстан Өзбекстандан узак мөөнөттө минералдык жер семирткичтерди алууга, аба, автоунаа жана темир жол каттамдарын өнүктүрүүгө, соода жүгүртүүнү жана туристтик агымды көбөйтүүгө кызыктар», – деп билдирди Өкмөт башчы.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2017-жылдын I кварталынын жыйынтыгында 1,8 эсеге көбөйгөн.

«Биз муну менен токтоп калбайбыз, бизде колдонулбай турган ири потенциал бар.Анын баарын толук кандуу пайдалануубуз зарыл. Биз Өзбекстандан минералдык ресурстарды, пахта сырьесун, автомобиль өнөр жай продукцияларын, медициналык буюмдарды жана каражаттарды импорттоого даярбыз. Бул азык түлүк жана кайра иштетүү өнөр жайы, ошондой эле жеңил өнөр жай жана башка продукциялар. Буга байланыштуу бардык тоскооолдуктарды жана чектөөлөрдү алып салуу боюнча иштерди жүргүзүү зарыл. Аны менен бирге биздин элдердин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү чоң мааниге ээ. Биздин элдердин жалпы тарыхы бар, маданий-күндөлүк салттары жана тили окшош. Дал мына ошондуктан биздин жөнөкөй жарандар жакын жана өлкөлөр ортосунда маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү боюнча бизге милдеттерди жүктөөдө. Бул мааниден алганда биз ушул жылдын октябрь айында Кыргызстанда Өзбекстандын Маданият күндөрүн өткөрүүнү колдойбуз жана аталган иш чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө максималдуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз», – деп билдирди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, жыйында соода-экономикалык мамилелер чөйрөсүндөгү эки тарптуу кызматташтык маселелери каралды.

Пикир

Оставить комментарий