• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан ЖККУ алкагында регионалдык интеграцияны тереңдетүүгө даражалуу маани берет - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. «Кыргызстан ЖККУ алкагында аймактык интеграцияны мындан ары тереңдетүү маселесине биринчи даражалуу маани берет», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйынына катышуучулар менен жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы Уюм түзүлгөн мезгил ичинеде ЖККУну мындан ары өркүндөтүү жана дараметин бекемдөө багытында максаттуу иштер жүргүзүлгөнүн баса белгиледи.

Кыргызстандын Уюмга төрагалыгынын алкагында мурда жарыяланган жол улоочулукту сактоого багытталган приоритеттер ырааттуу илгерилетүүдө.

«Кыргызстан алдыга коюлган милдеттерге жетишүү, ошондой эле жалпы биздин жамааттык коопсуздукту бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал баса белгилегендей, бүгүнкү күндө ЖККУ аймагында абалды туруксуздаштыруу коркунучу сакталууда.

«Ооганстандын түндүк провинцияларында жана Жакынкы Чыгышта террористтик уюмдардын жогорку активдүүлүгү ЖККУ өлкөлөрүнүн аракеттерин бириктирүүнү талап кылууда. Тажик — афган чек арасындагы чыңалууну азайтуу боюнча чечимдерди кабыл алуу олуттуу мүнөзгө ээ. Биргелешкен аракеттерди көбүрөөк талап кылган багыттарда жамааттык аракеттерди бириктирүү маанилүү болуп саналат. Бул контекстте ЖККУ алкагында мамлекеттик чек араларды кайтаруу чөйрөсүндө өз ара аракеттешүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл», — деп белгиледи Соорон бай Жээнбеков.

Жолугушууда Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Армениянын тышкы иштер министри Зограб Мнацаканян, Таджикистандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин, Беларусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Дапкюнас, ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков сөз сүйлөштү.

2019-жылдагы Кыргыз Республикасынын ЖККУнун төрагалыгы алкагындагы бардык иш-чаралар уюшкандыкта, жогорку деңгээлде мазмундуу өтүп жаткандыгын белгилешти.

Кыргызстандын төрагалыгынын алкагындагы ЖККУнун талаптарына шайкеш келген приоритеттерди толук колдоп, Уюмдун улам өсүп бара жатканы тууралуу Кыргызстандын баасын бөлүшө тургандыктарын баса белгилешти.

Жолугушуунун аягында Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУга төрагалыгы учурунда кыргыз тарапка ар тараптуу жардам көрсөтүп, колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий