• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Кыргызстанда бардык тармактар инвесторлор үчүн ачык

Президент 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Кыргызстанда экономиканын бардык тармактары тышкы инвесторлор үчүн ачык», — деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков 1 Мюнхен шаарында «Кыргызстан жана Бавария: инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» кыргыз-герман бизнес-форумунда сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчы белгилегендей, өлкөбүздүн географиялык жактан жагымдуу жайгашуусу, бай жаратылыш ресурстары жана тажрыйбалуу, арзан жумушчу күчү, табигый артыкчылыктарыбыз болуп саналат, өлкөдөгү ийкемдүү билим берүү системасы кыска мөөнөттүн ичинде керектүү персоналды даярдай алат.

«Биз жагымдуу инвестициялык климатты, саясий жана макроэкономикалык туруктуулукту түзө алдык. Биз Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки узак мөөнөттүү Стратегиясын кабыл алдык. Экономиканын артыкчылыктуу тармактарын аныктадык. Алар — энергетика, тоо-кен жана жеңил өнөр-жайлары, айыл чарба жана кайра иштетүү, транспорт жана туризм. Стратегияда аймактарды өнүктүрүү, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу маселелерине өзгөчө орун берилген», — деп баса белгиледи президент.

Ал белгилегендей, бизде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн колдонулбай келген чоң мүмкүнчүлүк бар. Биздин кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири — өлкөдө биргелешкен кыргыз-герман ишканаларын түзүү боло алат.

«Регион боюнча бизде башкаларга караганда либералдуу салыктык режимдер иштейт. Пайда салыгы жана киреше салыгы болгону 10%дан болсо, ал эми кошумча нарк салыгы — 12%ды түзөт. Арзан баадагы ресурстарга мүмкүндүк алуу, анын ичинде арзан эмгек күчү жана электр энергиясы биргелешкен ишканалар үчүн салыштырмалуу артыкчылык берет. Бизде электр энергиясынын баасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң арзан болуп саналат. Кыргыз Республикасында экономиканын бардык тармактары тышкы инвесторлор үчүн ачык. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк инструменти активдүү ишке ашырылууда. Инвесторлор үчүн өнөр-жайдагы аймактык долбоорлорду ишке ашырууда сезилерлик салыктык жеңилдиктер берилген. Азыркы кезде жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформасы менчик укугуна жана келишимдик укуктарды сактоого ишенимдүү кепилдик берет», — деди Жээнбеков.

Ал баса белгилегендей, Кыргыз Республикасында 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы кодекстер менен мыйзамдар күчүнө кирди. Эми инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча бекем укуктук пайдубал пайда болду. «Түндүк» электрондук Өкмөт программасы кабыл алынды. Ал мамлекеттик органдардын калкка кызмат көрсөтүүсүн жакшыртууга жана коррупция менен күрөшүүгө багытталган. Мындан ары коррупция менен күрөшүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарынын борборунда кала берет.

«Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүгү 180-миллиондук рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн ачат. Тоолуу рельефин жана ажайып жаратылышын эске алганда Кыргызстан туризмдин ар кандай түрлөрүн өнүктүрүү үчүн абдан жагымдуу. Бизде коруктардын, биосфералык аймактардын жана экологиялык зоналардын жана курорттук ден соолукту чыңдоочу жайларынын саны абдан көп. Кыргызстандын өкүлдөрү жыл сайын дүйнөдөгү эң ири туристтик жарманкеге — „Берлиндеги эл аралык туристтик биржага“ катышышат. Бизде альпинисттер, аң уулоочулар жана Улуу Жибек жолундагы тарыхый эстеликтерди изилдөөчү туристтер үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстан дүйнөнүн 52 өлкөсүнө, анын ичинде Германияга бир тараптуу виза режимин киргизген аймактагы алгачкы өлкөлөрдүн бири. Эл аралык туристтик уюмдардын маалыматтары боюнча 2012-жылы Германиядан Кыргызстанга барган туристтердин саны 7 миңдей болсо, 2018-жылы 22 миңге жакын адам болгон», — деп Кыргызстандын артыкчылыктарын тизмектеди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий