• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Кыргызстанда билимдүү коомду түзүү мамлекеттик маанидеги иш

Президент 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги өлкөлөрдүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съездинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Постсоветтик мейкиндиктин билим берүү системасынын бардык баскычтарынын 400дөй адиси чогулган аянтчаны ачып жатып мамлекет башчы КМШ өлкөлөрү жалпы билим берүү чөйрөсүн курууну улантышы керектигин белгиледи.

“Бул биздин өлкөлөрдүн жалпы өнүгүшүнө жардам берет. Ошол эле учурда ар бир өлкөнүн өзүнүн өнүгүү өзгөчөлүктөрү бар. Андыктан өкмөттүн алдына Кыргызстандын жаңы билим берүү стратегиясын иштеп чыгуу тапшырмасы коюлган”, - деп кошумчалады президент.

Жээнбеков Кыргызстанда билимдүү коомду түзүү кайсы бир адамдардын эле каалоосу эмес, мамлекеттик маанидеги иш экендигин айтты.

“Биздин конституциядагы нормага ылайык, негизги жалпы билим берүү милдеттүү жана бекер болуп саналат. Мамлекеттин атынан мен билим берүү системасынын алдына суроо койдум: Мектептердин топтолгон маалыматтарды өткөрүп берүүчү жай эле эмес, бала каалаган убактысында, каалаган жерде жашоосу өткөнчө жаңы нерселерди үйрөнүүгө жөндөмдүү болгон жер болушу үчүн аларды кантип реформалоо керек?” – деди президент.

Ал чектелген жаратылыш ресурстарынын шарттарында Кыргызстан интеллектуалдык ресурска басым жасашы керектигин, билим берүү системасы өлкөнү өнүктүрүү механизми болушу керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий