• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Кыргызстанда ШКУга мүчө мамлекеттердин Саммитин өткөрүү боюнча жыйын өткөрдү

Президент 0

Бишкек, 11.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Кеңешин уюштуруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Ал 2018-жылдын июнь айында Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммитинде Уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөнүн эске салды.

«Биз ШКУну өз ара ишенимге негизделген кызматташууну өркүндөтүүчү аянтча катары көрөбүз. ШКУнун кадыр-баркы жыл өткөн сайын бекемделүүдө. Ага мүчө мамлекеттердин ынтымагы, ишенимдүү өнөктөштүгү жана бири-бирине болгон сый-урматы — бул Уюмдун негизи», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Саммитти өткөрүү максатында жасалган иштер, пландалып жаткан чаралар боюнча Уюштуруу комитетинин төрагасы, КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат беришти.

Бүгүнкү күндө тиешелүү министрликтерде жана ведомстволордо бир катар иш-чаралар өткөрүлдү, атап айтсак, ШКУга мүчө мамлекеттердин юстиция министрликтеринин, айыл чарба министрликтердин, Эсеп палаталарынын, Регионалдык террорго каршы кызматташтык Кеңештин, Чек ара кызмат башчылардын кеңешинин отурумдары болду.

Алдыда дагы Коопсуздук кеңештин катчыларынын, тышкы иштер жана коргоо министрлеринин кезектеги отурумдары, ШКУ медиа-саммити, көркөм көргөзмөсү, Эл аралык марафон, ШКУ Бизнес-форуму сыяктуу маанилүү иш-чараларды өткөрүү милдети турат.

Башкы иш-чара — ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешин 2019-жылдын 14-15-июнь күндөрү өткөрүү пландалып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жыл ШКУнун эгидасы алдында өтөөрүн жана ШКУ Саммитинин алкагында пландалып жаткан иш-чаралардын бардыгы Кыргызстан үчүн маанилүү окуя экенин белгилеп, каралчу маселелерди мазмундуу, жогорку деңгээлде даярдоону тапшырды.

Ал ШКУнун мындан аркы беделинин бекемделишине жана эл аралык аренада кадыр-баркынын өсүшүнө салым кошуу, терроризм, экстремизм, баңги заттарды мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты күчөтүү, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык кызматташууну андан ары тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий