• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жээнбеков: Кыргызстанда жалпы элди бириктире турган тил – бул кыргыз тили болушу керек

Президент 0

Бишкек, 12.12.17./Кабар/. КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Назаркул Ишекеев Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу Президент Сооронбай Жээнбековго маалымат берди.

Мамлекет башчысы жана Улуттук комиссиянын төрагасы Кыргызстанда жашаган бардык этностордун тилин сактоо жана өнүктүрүү менен катар мамлекеттик тил менен бирге расмий тилди жана чет тилдерди мыкты билген кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоо маселесине токтолушту.

Мындан тышкары, бала бакчалар маселесине өзгөчө басым жасалды. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында 84 бала бакчанын ичинен 10у гана, Ош шаарында 41 бала бакчадан 5и гана кыргыз тилинде иш жүргүзөөрүн мисалга келтирди.

“Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы кыргыз тилин жайылтуу жана өркүндөтүү максатында кабыл алынган, ага тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилген. Кыргызстанда жалпы элди бириктире турган тил – бул кыргыз тили болушу керек. Кыргыз тилин элдин биримдиги жана ынтымагынын өзөгү катары кабыл алышыбыз зарыл. Ал үчүн кыргыз тилин жайылтуу, үйрөтүү боюнча маселелерди чечиш керек”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Жолугушууда ошондой эле мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча Улуттук комиссиянын бардык министрликтерде жасаган мониторинги, иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү талкууланды.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында мамлекеттик тилдин аз колдонулушу, ал эми айыл жергесинде расмий тилди колдонуунун азайышы боюнча пикир алмашышты.

Орто, атайын жана жогорку окуу жайларда кадр даярдоо системасында тилди окутуу маселелери өзгөчө көңүл бөлүүнү талап кылат.

Мамлекет башчысы Улуттук программаны ырааттуу ишке ашыруу, ага бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу, кыргыз тилин жайылтууда, үйрөтүүдө маалыматтык технологияларды пайдалануу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий