• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков Кыргызстандагы ишкерлер менен жолугушуу өткөрүүдө

Президент 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Ишкерлер күнүн утурлай президент Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өлкөнүн бизнес-өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүүдө.

Жолугушууда Кыргызстанда бизнес жүргүзүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо учурунда ар бир катышуучу өз оюн билдирип, сунуштарын айтууга мүмкүнчүлүк алышат.

Президент жолугушуунун катышуучулары менен саламдашып жатып, мамлекеттин өнүгүшүндөгү алардын маанилүү ролун баса белгилеп өттү.

“Бүгүн жолугушууда жумушчу орундарды түзүп, мамлекеттин бюджетине салым кошкондор олтурат. Биз сиздер менен ишкерлер күнүн майрамдоонун алдында жолугуудабыз. Сиздерди ишкерлер күнү менен куттуктайм. Бекем ден соолук, ийгилик жана тынчтык каалайм”, - деп өз сөзүн баштады мамлекет башчысы.

Ал жолугушуу учурунда айтыла турган ар бир ой-пикирди угууда даяр экендигин билдирип, алар боюнча тиешелүү чараларды колдоно тургандыгын айтты. Ошондой эле ал коомчулукта бизнес жүргүзүү боюнча айтылып жаткан эң актуалдуу дооматтарды белгилеп өттү.

Эске сала кетсек, буга чейин президент жарандык активисттер, региондун жашоочулары жана Кыргызстандан сыртта жашаган мекендештер менен жолушуулдард ыөткөргөн.

Маалымдама: Ишкерлердин кесиптик майрамы жыл сайын Кыргызстанда 20-сентябрда белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий