• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Кыргызстандагы ишкерлердин көйгөйү менен жеке таанышат

Президент 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы ишкерлер менен жолугушуу өткөрүп, өлкөдөгү бизнес жүргүзүүдөгү көйгөйлөр менен жеке өзү таанышып чыгат.

Мамлекет башчы менен ишкерлердин жолугушуусу кандай форматта, кайда жана качан боло тургандыгы азырынча белгисиз, бирок президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн жолугушуу жакынкы күндөргө пландалгандыгын билдиришти.

Кыргызстандын бизнес-ассоциациясы алдыда күтүлүп жаткан жолугушуу тууралуу кабардар, алар президентке жакында эле киргизилген өздөрүнүн жаңы демилгелери тууралуу айтып берүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. Бул тууралуу толугураак ишкерлер Кеңешинин өкүлү Михаил Халитов өзүнүн Facebook баракчасында жазган.

Пикир

Оставить комментарий