• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков: Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн кескин азайуусу экологиялык кесепеттерге алып келет

Президент 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. «Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн кескин азайуусу жалпы аймак үчүн социалдык, экономикалык жана экологиялык кесепеттерге алып келет. Азыртадан мөңгүлөрдү сактоо, суу-энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү механизмдери боюнча эл аралык кызматташтыкты баштоо зарыл», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунда.

Ал дүйнөдөгү климаттык өзгөрүүлөр жылдан жылга жогорку даражага чыгып жатканын белгиледи.

«Азыр окумуштуулар Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн азайып баратканын белгилеп жатышат. Биздин тоолордо аймактагы суу ресурстарынын 45% жаралат. Жакынкы убакта биз дарыялардагы суулардын деңгээлинин азайуусунун реалдуу көйгөйүнө туш болобуз. Жыйынтыгында бул Борбордук Азиянын экологиясына, биргелешкен экономикалык ишмердикке терс таасирин тийгизип, ири ГЭСтердин дарамети кыйла төмөндөйт», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана мөңгүлөрдү сактоо, суу-энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү механизмдери боюнча эл аралык кызматташтыкты башташ керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий