• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков кыргызстандыктарды Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосун бүгүн, 4-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада окуду.

Куттуктоо сөзү:

«Урматтуу билим берүү кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Санарип коомду куруу, билимге негизделген экономиканы калыптандыруу — билим берүүнүн ролун күчөтүүнү, окутуу ыкмаларын өзгөртүүнү, анын ичинде санариптик билимди өнүктүрүүнү шарттайт.

Негизги максатыбыз — ар бир адам үчүн өз дараметин ачууга көмөктөшкөн, практикада колдонууга багытталган, дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө ыңгайлашкан, азыркы суроо-талапка жооп берген сапаттуу билим алууга мүмкүндүк түзүү.

Биз билимдүү, демилгелүү жана өнүгүүгө умтулган муунду өстүрүүгө умтулабыз.

Мындай ийгиликтерге жетүүдө тарбиячынын, мугалимдин, бардык деңгээлдеги кесиптик окуу жайлардын окутуучуларынын эмгеги зор.

Жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк, өз кесибин сүйүү, өлкө жана келечек муун алдында жоопкерчиликти сезе билүү — эң зарыл сапаттар.

Мамлекет билим берүү системасын өнүктүрүүгө жана педагогдордун эмгек шарттарын жакшыртууга бардык аракеттерди көрүп жатат.

Жаңы бала бакчалар жана мектептер колдонууга берилип, билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасы жакшырып, анын ичинде санариптештирүү процесси ишке ашырылууда.

Ушул жылдын октябрь айынан тартып, билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады.

Мамлекет ушуну менен токтоп калбайт, балдардын жана өлкөнүн келечеги үчүн мугалимдерге татыктуу шарттарды түзүп берүү — биздин приоритеттүү багыттарыбыздын бири!

Кыргызстандын жаштарын окутууда жана тарбиялоодо талыкпаган эмгегиңиздер үчүн чын дилимден ыраазылык билдирип, сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай жана зор ийгиликтерди каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий