• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 03.03.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер!

Сиздерди мамлекеттүүлүктүн жана эгемендүүлүктүн белгиси – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Санжыралуу тарыхы бар кыргыз мамлекетибиз, байыркы элибиз үчүн Туубуз өзгөчө мааниге ээ. Кызыл туубуз уюткулуу элибиздин басып өткөн татаал жолун, ата-бабаларыбыздын каарман эмгегин жана асыл оюн таасын чагылдырып турат.

Биздин башкы максатыбыз – Кыргызстанды урпактарыбыз сыймыктангыдай эркин жана өнүккөн мамлекетке айландырып, элибиздин бейпил жашоосу үчүн шарттарды түзүү.

Ушул жаркын майрамда бардыгыңыздарга чың ден-соолук жана бакыт-таалай, Кыргызстаныбызга – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм!

Эгемендүү мамлекетибиздин туусу элибизди ынтымакка, биримдикке жана жаратмандыкка чакырып, ачык асман алдында кылымдар бою көккө бийик желбирей берсин!”

Пикир

Оставить комментарий